Menu

Баткенде чек арадан мыйзамсыз өткөн ооган жарандары кармалды

Бөлүшүү:

Чек арачылар 9-май күнү облустун Баткен районундагы Жарык-Суу аймагынан жети кишини кармаган. Текшерүү учурунда алар Ооганстандын жарандары болуп чыккан. Бирөөнүн жанынан 2016-жылдын 20-июлуна чейинки мөөнөткө берилген визасы менен паспорту чыккан. Калгандарынын жанында мөөнөтү өтүп кеткен “качкын” деген күбөлүктөрү болгон. Бул тууралуу жергиликтүү чек ара кызматынан кабарлашты.

Кармалгандарга чек араны мыйзамсыз басып өткөнү үчүн административдик жаза – айып пул салынган соң, жергиликтүү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Такталбаган маалыматтар боюнча, алар Кыргызстанга Тажикстан аркылуу киришкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: