КСДП фракциясы Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын курамынан чыккандан кийин өкмөт отставкага кетет. Бул тууралуу социал-демократтардын лидери Иса Өмүркулов билдирди.
Анын айтымында, бул Баш мыйзамдын талабы.
«Өкмөт автоматтык түрдө отставкага кетет. Өкмөт жөнүндөгү мыйзамга ылайык, жаңы куралган коалиция өкмөттү түзөт. Андан соң программа жана өкмөт курамы кайра бекитилет», — деди ал.
КСДПнын коалициядан чыгышына «Өнүгүү-Прогресстеги» кесиптештеринин Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду колдоодон баш тарткандыгы себеп болгондугу айтылууда.
Премьер-министрдин басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулдун айтымында, эгер коалиция тараса, анда өкмөт отставкага кетет. Андан соң өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү өз милдеттерин аткаруу үчүн ордуларында калары тууралуу президент жарлык чыгарышы керек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ