Кыргызстанда жапа чеккен жана дарыланып жатышкан Өзбекстандын үч жараны коңшу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги жөнөткөн атайын автоунаада мекенине кайтарылды.
– Мекендештерибиздин үчөө тең Анжиян жана Наманган облустарындагы ооруканаларга жайгаштырылды. Акыбалдары дурус, деди Өзбекстан саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү. Эске салчу жагдай: үстүбүздөгү жылдын 19-февралында Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы кафеде газ баллон жарылып, мунун айынан төрт адам жеринде катуу жараланган. Алардын үчөө Өзбекстандын жараны эле. Бардыгы тең дароо ооруканага жеткирилген.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ