Menu

Лейла Үтүрова, мугалим: “Эжейим манты жасап кел деди деп…”

Бөлүшүү:

 

“Мугалим – мөмөлүү дарак” деп элибизде бекеринен айтылбаса керек. Жаш жеткинчектерди “А” деген ариптен баштап, турмуш жолуна алгачкы чыйырды салган мугалимдердин эмгеги төө көтөргүс. Бишкек шаарындагы №65 Экология-экономикалык лицейинин башталгыч классынын жогорку категориядагы мугалими, мектептеги башталгыч класстардын методикалык бөлүмдүн жетекчиси, Билим берүү министрлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын жана башка көптөгөн Ардак баракчаларынын ээси Үтүрова Лейла Токоновна менен кызыктуу маекти сунуштайбыз.

 – Лейла Токоновна, сиздин мугалимдик кесипти тандап алууңузга ким түрткү берди эле же бала чактагы кыялыңыз беле?

– Мугалимдик кесипти мен бала кезимден эле жактырчумун. Өзүмдү чоңойгондо балдарга сабак берип жаткан мугалим болом деп элестетчү элем. Бала кездеги кыялдарым орундалып, азыр мына ушул ардактуу кесипти аркалап келе жатканыма абдан кубанам. Окуучуларымдын жасап жаткан ийгиликтерине күбө болуп жатып, кесипти туура тандаганыма ишенем.  Орозбаев Элдияр деген окуучум 9 жашында Сингапурга чейин барып шахмат ойноп биринчи орунду алып, Кыргызстандын желегин желбиретип көтөрүп чыккан. Ал окуучум быйыл жайында шахмат боюнча президенттин кубогун алды. Корчагин Кирилл менен Кроха Слава деген окуучуларым Казакстандын Тараз шаарына барып футбол ойноп, “Биз Кыргызстандын желегин көтөрдүк” – деп сыймыктанып келишти. Ушундай 9-10 жаштагы кичинекей балдар ушундай патриоттук сезим менен Кыргызстандын желегин көтөрдүк десе өзүңдү бактылуу сезесиң…

 – Үзүрлүү эмгегиңиздин аркасында көптөгөн кыйынчылыктар болбой койбосо керек… Айтайын дегеним, мугалимдик кесиптин кандай кыйынчылыгын баштан кечирдиңиз?

– Мугалимдик кесиптин өзүнүн ырахаты жана кыйынчылыктары бар. Бирок мен кыйынчылыктары жөнүндө айткым деле келбейт. Колумдан келишинче жакшы жагын, ырахатын айтсам дейм. Окуу жылы башталганда бир класска кырк үй-бүлөдөн кырк башка тарбиядагы, ар улуттагы балдар келишет. Окуучуларыма терең билим берүү менен гана чектелбестен, бардыгын бир үй-бүлөнүн балдарындай ынтымакка бириктирип, адамдык асыл сапаттарга тарбиялоого аракеттенем.

 – Өзүңүз мектепте кандай окучу элеңиз? Кайсы сабакты жана кайсы сабактан берген мугалимиңизди жактырчусуз?

– Мен мектепте жакшы окучумун. 8-класстан бизге орус тили жана адабияты сабагынан Казбулатова Людмила Петровна деген мугалим эже келди. Ошондон баштап менин орус тили жана адабияты сабагына кызыгуум артып, аябай жакшы көрүп калдым. Кийин Кыргыз улуттук университетинин орус филологиясы факультетин аяктадым. Менин жашоодогу девизим – сабырдуулук жана чыдамкайлык. Кытайлардын бир жакшы сөзү бар “Ачууга алдыруу – бул утулуу” деген. Окуучуларыма ушул сөздү көп айтып, сабырдуу болууга, ачууга алдырбоого тарбиялайм. Азыр мектепте сабактарды кызыктуу өткөргөнгө көптөгөн шарттар бар. Мисалы мектебибиз биздин класска проектор компьютер сатып берген. Негизи эле окуучулар менен иштөө абдан кызыктуу.

 – Өзүңүз, үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз? Канча балаңыз бар? Арасында сиздин жолду жолдоочулары барбы? Балдарыңыздын мугалимдик кесипти аркалаганын каалайсызбы?

– Үй-бүлөм тууралуу айтсам, жолдошум өтүп кеткен. Эки уулум, бир кызым бар. Жолдошум экөөбүз балдарыбызга сапаттуу билим алууга шарт түзүп, жакшы тарбия бергенге абдан аракет кылдык. Балдарыбыз жогорку окуу жайын аякташып, азыр менин оорумду колдон, жеңилимди жерден алган көмөкчүлөрүм, жөлөк-таягым. Эки уулум инженер, кызым болсо бухгалтер. Кызымдын мугалим болушун каалайт элем, бирок кызым башка кесипти тандап алды.

 – Эгер кайрадан кесип тандаганга мүмкүнчүлүк болсо кайсы кесипти тандайт элеңиз?

– Азыр кайрадан кесип тандай турган болсом, кыйналсам да, чарчасам да кайра эле ушул мугалимдик кесипти тандамакмын. Өзүмө кесибим аябай жагат, себеби балдарга жаңы теманы түшүндүрүп жатканда өзүмдү абдан бактылуу сезем. Кайра кийин окуучуларым ошол тема боюнча түшүнүктөрүн айтып бергенде андан да өзүмдү бактылуу сезип, жаш жеткинчектерге билбегенин билгизип, татыктуу билим берип жатканыма сыймыктанам.

 – Мектепте сизди кайгырткан жана кызыктуу учурлардан айтып өтсөңүз?

– Мектепте менин бир окуучу кызым бар эле. Аны ата-энеси балдар үйүнөн багып алышкан. Үч жыл тарбиялашып, анан кайра балдар үйүнө тапшырып коюшту. Ошондо ошол кызга абдан кайгырдым. Бирок ал үй-бүлөнүн шарты ошондой болуп калды. Себеби өзүлөрүнүн эки уулу инвалид болуп, кызга жакшы көңүл бура албай калышты. Бул окуя мен үчүн абдан эле оор болду. Ал эми эстегенде бир жылмайып алган учурлар мектеп турмушунда көп эле болот. Бир жолу бир окуучум сүрөт сабагынан манка (крупа) алып келгиле дегенди түшүнбөй, апасына барып: “Эжейим манты жасап келгиле” – деп айтты десе, апасы манты жасаганга жетишпей оромо жасап, эртеси баласына салып берип жибериптир. Сабак башталып, жаңы эле окуучулар отурганда класстын ичи манты жыттанып кетти. Эмне болуп жатат десем, тиги окуучу бала сумкасынан пакетке салынган оромону алып чыгып жатпайбы… Анан кийин апасы менен жолукканда: “Эмнеге эжейи манты жасап кел деди, эмне класстан тамак жешеби?” – деп таң калгам деп күлгөн. Сүрөт сабагынан жазгы гүлдү жасаганда ортосуна манка (крупа) себелеп коюшат, а тиги окуучу балам аны түшүнбөй, апасын ошентип убарага салган экен…

 – Өзүңүздү бактылуу адаммын деп эсептейсизби?

– Ооба, өзүмдү абдан бактылуумун деп эсептейм. Мен сыйлап, урматтаган эки апам: бири өзүмдүн апам, экинчиси кайын энем, балдарым, бир туугандарым, окуучуларым, кесиптештерим, сүйүктүү кесибим бар. “Адам көңүлү – гүл” дегендей, бардык адамдар менен сыйлашып, баары менен жакшы мамиледе болууга аракетимди кылам. Учурдан пайдаланып, Кыргызстандагы мугалимдик оор жана ырахаттуу кесипти аркалаган бардык кесиптештериме бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, иштеринде албан ийгиликтерди каалайм.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: