Menu

Орозбек Бөрүгуловдон сатира: Ролик

Бөлүшүү:

Өзүңүздөр деле жакшы билесиздер, акыркы парламенттик шайлоо иттей таза өтпөдүбү. Муну президентибиз да баса белгиледи го. “Акмак-итстариптик күч колдонуу болгон жок” деди.

Мурунку президенттерибиз дагы өз убагындагы шайлоолорду ушинтип макташчу. Кыскасы, шайлоолор бизде дайым эле таза өтүүдө. Кийинки президент гана мурунку президенттердин убагындагы шайлоолорду жамандай баштайт, өзүнүн автопартиретин көтөрүү үчүн. Айтор, бул жолу да президентибиз сүйгөн, ашык болуп калган партиялар ак жоолуктарын салынып, парламенттин төрүндө ыйбаалуу келин болуп нике шакектерин тагынып олтуруп калышты.

Ошентип, депутатттык мандат менин колума да тийди. Кубанганымды айтпа! Өзүмдү-өзүм кучактап, бетимен “шалп” эттире өптүм. Албетте, шайлоо алдында бир топ акчаларым кетти. Эч нерсе эмес, ошол акчаларды элдин өзүнөн уурдап алган болчумун. Кайра өздөрүнө чачып жаткан учурумда ичим “тыз” этпей койгон жок. Бирок, мындан дагы чоң ууру болуш үчүн элди ушинтип алдабаса да болчудай эмес. Ошол учурда кимдир бирөө келип, “давай, нары карап тур… сени зордойм” десе, ага деле макул болмокчумун. Эмне экен, эптеп эле депутат болуп алсам болду да, андан соң кайра беш жыл бою тигиге окшогондордун өздөрүн зордоп жүрө бермекчимин, ырахаттанып. Чачкан акчаларымды мени колдогон шайлоочуларымдын калыңы деп эсептейм.

Азыр болсо, шайлоо алдындагы өзүмдүн эл менен жолугушкан учурумдан атайын реклама үчүн тартылган телеролигимди көргөн сайын күлкүм келет. Ха-ха-ха!.. Силерге да коюп берейинби? Та-ак… Тилибузурдун пульту кайерде турду эле?.. А, быякта экен…

“Жолугушуу үчүн топтологон адамдар. Музыка даңгыр-дуңгур. Аңгыча, бир адам өзүмдүн шляпамды өзүмө кийгизди. Дагы бирөөсү өзүмдүн сатып алган эшегимди өзүмө мингизди. Анан мен теминип, жөнөй бердим. Колумдагы таякка эркектин чо-оң трусысын туу катары көтөрүп, желбиретип алгам. Негедир ошол маалда бир кандидаттын бир наристени өөп атканы көз алдыма тартыла түштү. Мен андан айырмалангым келип, тизилип турган адамдардын бардыгын катарынан өбө баштадым. Айрыкча, кыз-келиндерди… андан соң, машиналарынын капотторун бирден өөп чыктым. Шайлоочулардын бири күчүгүн ээрчите келген экен, кубалап жүрүп аны да кармап туруп, “каңшылаганына” карабай өөп-өөп алдым…”

Орозбек БӨРҮГУЛОВ

Булак: “Майдан.kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: