CIVICUS эл аралык уюмунун иликтөөсүнө ылайык, Казакстан коомдук бирикмелерди түзүүгө, өз оюн эркин билдирүүгө жана тынч жыйын өткөрүү укугуна “тоскоолдук жараткан” өлкөлөрдүн катарына киргизилди.
Өз өюн эркин билдирүүгө карата өкмөттүн басмырлоосун иликтеген эл аралык CIVICUS уюму Казакстанды жарандык коомго жолтоо болгон өлкөлөрдүн тизмесине кошту. Борбор Азия чөлкөмүндөгү башка аймактар – Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан CIVICUS рейтингине киргизилген эмес.
Жергиликтүү укук коргоочулар жана активисттер жарандардын укугун коргоодогу казак бийлигинин ишин тез-тез сынга алып турат. Казакстан болсо адам укуктары жана эркиниктерине байланышкан мыйзамдарды эл аралык укук нормаларынын талаптарына шайкеш келтирерин билдирип келет. Казакстан Конституцияга ылайык, адамдын негизги баалуулуктары анын укуктары жана эркиндиктери болгон демократиялык, светтик, укуктук жана социалдык мамлекет болуп эсептелет.
CIVICUS уюмунун маалыматы боюнча дүйнөдөгү үч миллиарддан ашуун киши сөз эркиндигин бузган өлкөлөрдө жашашат. Иликтөөгө 104 өлкө киргизилген. Алардын ичинен 16 мамлекетте жарандык коом коркунуч жана кыйноонун илебин сезип турат. 26 өлкөдө алар тар чөйрөдө иштешет. Болгону тогуз мамлекетте гана жарандык коом ачык жана эркин иш алып барат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ