Menu

Орунбековго козголгон кылмыш иши журналисттердин нааразычылыгын жаратты

Бөлүшүү:
Журналист Дайырбек Орунбековго кылмыш иши козголуп, ага карата бийлик куугунтук кылып жатканы коомчулуктун, журналисттердин нааразычылыгын жаратты. Социалдык байланыш тармагында Орунбековдун соту боюнча кызуу талкуу жүрүп, журналисттер муну сөз эркиндигине карата адилетсиз кысым деп мүнөздөшүүдө. Айрымдарынын пикирлерин жарыялайбыз:
 zhyldyz-ishenalieva
 Жылдыз Ишеналиева, “LIFE AID” кайрымдуулук фондунун президенти: “Муну журналисттердин эркиндигине кол салуу деп эсептейм!”
 -Илгертеден кыргызда “баш кесмек бар, бирок тил кесмек жок” деп айтылып келген. Мен Дайырбек Орунбековду деле жакындан билбейм, анын кээ бир позицияларына деле кошула бербейм. Бирок, өз оюн тайманбай айткан, акылы, тили курч журналистке эмне үчүн бийлик кысым көрсөтүшү керек? Керек болсо бийликтегилердин ушул кемчиликтеринин азабынан 2 жолу төңкөрүш болуп, жаш балдарыбыз шейит кетти эле го! Бул жигит демократия деп жамынып кыйкырыктарды уюштурган НПОнун өкүлдөрүнөн эмес, мурунку бийликте жүрүп анан кызматынан куулгандардан да эмес. Бул жигит – журналист. Ал “ак” деп айтабы, же “көк” деп айтабы, журналисттин кебин бийликтегилер туура сиңиргенди билиши керек! Мен муну журналисттердин эркиндигине кол салуу деп эсептейм. Машаякка айлануунун да чеги болсо керек…

meder-shermetaliev

Медер Шерметалиев, теле журналист: “Сын айткан үчүн абака отургузуу адилетсиздик”

-Баш кесмей бар, тил кесмей жок да… Сын айткан үчүн абака отургузуу адилетсиздик болуп калат. Анчалык эле болуп баратса, айтылган дооматтар бир эле Дайырбектин оозунан чыккан жок. Оппозицияда жүргөн өкүлдөрдүн баары бийликке жана президенттин атына айыптарды тагып жатат го… Анда ошонун баарын камаш керекпи? Андан көрө комиссия түзүп, айтылган сөздүн чын төгүнүн териштириш керек, ошондо чындык чыгат.

tynchtykbek-altymyshev

Тынчтык Алтымышбаев, журналист:Дайырбек Орунбековду камоо мыйзамсыз

– Ош окуясына кимдин тиешеси бар экени, Кадыржан Батыровдорду ким качырганы билинген соң өзүнөн өзү ачыкталат.Ал жөнүндө Президент өзү тапшырма берди да. Ошол иликтөө аягына чыкканча Дайырбек Орунбековду камоо мыйзамсыз. Азыр жеке эле Дайырбек эмес ошол кездеги Убактылуунун көбү, Президентти сепартисттер менен пикирлеш болгон деп күнөөлөп жаткан соң камаса баарын камап актыгын далилдесин. Ансыз Дайырбекти жабуу менен иш бүтпөйт, дегеле бул иш өзү жасалма, чылгый саясий иш!

ernis-kyyazov5

Эрнис Кыязов, теле журналист: “Президентти сындап “Ош окуясына күнөөлүү” дегенине ажо терикпей эле койсо болмок”

-Канаданын премьер министри Джастин Трюдо өзүнө берилген өтө ачуу келтире турган суроого жанында тургандардын кыжыры кайнап киргенде, баарын тынчтандырып“ Эй, токтоткула, бул мамлекетте биз журналисттерди сыйлайбыз! Ыңгайсыз суроо берүү алардын жумушу!” деп, журналистти андан ары уккан.

АКШ президенти Обама эфирде өзүнө «твиттер» аркылуу келген өзү тууралуу ачуу сындарды өзү (!) окуп, ал сындардын бири “Президент Обама АКШ тарыхында эң начар президент бойдон калат.”-деген твит жазууга териккен эмес.

P.S. Журналистика көп кырлуу тепкич болсо, Дайырбек ошо тепкичтин ылдыйындабы, ортосундабы, жогору жагындабы, айтор тепкичтин кай бир жеринде турган өзүнө жараша бир орду бар журналист. Анын президентти сындап “Ош окуясына күнөөлүү” дегенине ажо терикпей эле, тигил Канаданын премьериндей же АКШнын президентей эле күлүп-жайнап “..мен сенин сыныңа эч кошула албайм, бул менин тыюум, же нааразычылыгым эмес, мындан да ачуу сындар да айтыла бериши керек, анткени коом кайсынысы туура экенин озу иргеп алат. Бирок мындан дагы жакшыраак, дагы сапатуураак сындап, камчылай бер иничек” деп бир камчы белекке берип койсо президенттин да, сөз эркиндигинин да баркы көтөрүлмөк.

kudret-tajchabarov2

Кудрет Тайчабаров, журналист: “Дайырбектин кадамы – эркин журналистикага төшүнтосуп берген баатырдык катары кабыл алынат

– Дайырбек, эң башкы жеңишиң: Сенин жазганын чын экенин эл билгенинде! Сен жазганды баары эле жазган, жөн гана сени кармап алганы жалпы карапайым калкка, эркин журналистикага төшүңдү тосуп берген баатырдык катары кабыл алынат. А буйрук аткарган сотторго караганда көчөдөгү иттер өйдөрөөк. Иттерге «фас» деп күнөөсүз адамга тукурсаң барып тиштебейт. Баарын Кудайга коюп көр. Эң башкысы эл сен тарапта… Сен жазган маалымат чын экенин Каптагаев да, Текебаев да, жада калса Баатыров да тастыктады…

 azamat-kyyazov

Азамат Кыязов, журналист: “Бүгүн сенин башыңа түшкөн мүшкүл ар бир кыргыздын тың жигитин такымдап турат

– Дайырбек, «сен байсың да, эки миллион сураса берип коюп басып кетпейсиңби», – десем, адатыңча ууртуңду тарта бир жылмайып алаарсың… А чынында жылмаярлык абал эмес. Соттошкон кишиң ажоң экен, башка бирөө болсо да “кой-ай” деп кепке келтирет элек. Бүгүн сенин башыңа түшкөн мүшкүл ар бир кыргыздын тың жигитин такымдап турат. Күнү бою Шерзаттын өлүмүнө өзөгүм өрттөндү… Карачы, темир канат жаш шумкар акыйкатка жетиш үчүн аскадан боюн кандай таштады?! Кыргыздын курч, таланттуу, кесипкөй, акыйкатчыл күлгүн жигиттеринин тагдыры талаалап, таруудай чачылып келгени келген. Ажону ажо, кожону кожо кыла тургандар ошолор болчу. Аларды маңдайынан сылап, ар биринин өмүрүн, ден-соолугун коргоп алчу ана ошо сени соттотуп аткан агаң эмей ким эле?! Эми иним, таңдын атышы үчүн, күндүн батышы сөзсүз керек. Шаймерден жандап, КУДАЙ колдосун!

gulbajra-umarova

Гулбайра Умарова, журналист: “Орунбековдун тагдырын бузганы жатышат!”

– Эр жигиттин башына нелер келбейт деген менен бир адамдын тагдыры бузулуп атпайбы!Дайыр, сен зыңкыйганын менен сенин жакындарынын көңүлү, жаны жай таппай жаткандыр угуп алып?! Ошентсе да бир жакшылык тургандыр мунун артында…

asker-sakybaeva-2

Аскер Сакыбаева, журналист: “Дайырбек, бул күндөр да өтөт

– Дайыр, бул күндөр да өтөт. Азыркы иштер үчүн жооп бере турган күндөр да келет.

Маалымат “Фейсбуктагы” талкуудан алынды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: