Menu

БУУ Баш катчысы: мектепке жасалган ависокку “аскердик кылмышка” тете

Бөлүшүү:

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун  Идлиб провинциясында мектепке бомба таштоону аскердик кылмыш катары кароого боло турганын жана окуяны токтоосуз түрдө иликтөө керектигин айтты. Карагашада 28 адам өлдү, алардын ичинен 22 баланын өмүрү жайрады.

“Эгер бул атайын жасалган аракет болсо, анда муну аскердик кылмышка теңегенге болот “, – деп айтылат билдирүүдө. БУУнун Башкы катчысы Сириядагы ушул жана башка окуяларды токтоосуз жана калыс иликтөөгө чакырды.

Акүй бейшембиде Идлибдеги авиасокку үчүн жоопкерчилик Сирия өкмөтүндө же Орусияда экенин билдирди.

Буга чейин Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова мектепти Орусия же Сирия бомбалады деген укук коргоочулардын жана батыш дипломаттарынын билдирүүлөрүн жокко чыгарып, айыптоолор жалган экенин айткан. “Орусиянын бул каргашалуу трагедияга жана кол салууга эч кандай тиешеси жок”, -деген Захарова.

Источник: «Служба новостей Центральной Азии»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: