Menu

Видео – Исхак Масалиев: “Төрага Жумабековго сессияда суроо бергенден коркуп калдым, кагып таштайт экен, аябай күчтүү жигит болуп кетиптир”

Бөлүшүү:

“Биз Жанар Акаев экөөбүз 10 күн мурда мыйзам долбоорун демилгелеп, төрагага жөнөткөнбүз. Ошондон бери төрагадан комитетке жетпей жатса анан башка мамлекеттик органдардан кантип талап кылабыз?”, – деп билдирди бүгүн, 14-майда “Өнүгүү” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында комитеттин төрагасы Керезбековго кайрылып.
“Биздин комитет парламенттин регламентин да көзөмөлдөйт. Төрагага сессияда суроо бергенден да коркуп калдым, кагып таштайт экен, аябай катуу, күчтүү жигит болуп кетиптир. Сиз комитеттин төрагасы болгондуктан парламенттин бардык тармагы боюнча регламенттин сакталышын көзөмөлдөшүңүз керек. Жогорку Кеңештин төрагасы биздин мыйзам долбоорлорунун кирүү жана чыгуу мыйзамдарын бузуп жатабы же жокпу ошону иликтеп, корутундусун чыгарып берсеңиз. Төрага деген депутаттардан барган мыйзамды алгандан кийин дароо эле кол коюп, комитеттерге жөнөтүш керек да. Эмне, ал мыйзамдарды окуп, изилдеп, анализ кылабы? Төрагада андай функциясы жок да, же ал текшермек беле? Бүгүнкү күндө төрага мыйзам долбоорлор боюнча кабыл алып, аны тиешелүү комитеттерге жөнөтүп гана туруш керек. Бир жума кармаганга болбойт. Ушуну текшерип койсоңуз кийинки жыйынга чейин. Айрыкча шайлоо боюнча мыйзам долбоорлорун караш керек, эмне үчүн бир айлап төраганын кабылдамасында жатып калып жатат?” – деди депутат Масалиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: