Кечээ, 27-октябрда Талас шаарындагы №16 “Балажан” балдар бакчасына Эл аралык “Хьюмен Эппиэл Интернейшнл” гуманитардык коомунун Кыргызстандагы филиалынын директору доктор Али Айоуб мырза 30 комплект болгон эки кабаттуу 60 орундуу балдар керебеттерин, ошондой эле кичинекей бөбөктөр сүрөт тартып, ойной турган жана башка керектүү жыгач эмеректерин гуманитардык жардам катары тапшырды.
Аталган балдар бакчага гуманитардык жардамды тапшыруу иш-чарасына катышкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеевдин айтуусунда доктор Али Айоуб мырзанын аракети менен облустагы 630 багар көрөрү жок жетим балдарга ар бирине 2300 сомдук жардамдар берилген.
Мындан тышкары Талас облусуна 2017-жылы бир ФАП куруу үчүн жакшы долбоор түзүлүп, анын каржы булагы да табылган. Мындай жакшылыкка умтулган иш-аракеттери үчүн облустун жетекчиси Д. Кенекеев доктор Али Айоуб мырзага өрөөндүн элинин атынан терең ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек Төрөгелдиева Гүлмира жетектеген №16 “Балажан” балдар бакчасында азыркы учурда 200 бала тарбияланып, алардын ойной турган жана уктоочу бөлмөлөрү жылуу жана таза.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ