№5-Улуттук компьютердик гимназиянын окуучуларынын тамак-ашына мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча ИИМдин иттерине бөлүнгөн акчага салыштырмалуу эки эсе аз. Бул тууралуу парламенттин отурумунда КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын жер-жерлеринен келген таланттуу балдар Улуттук-компьютердик гимназиянын жатаканасында жатып, билим алышат.
“Көрсө, ар бир окуучунун күнүмдүк тамак-ашына 60 сом бөлүнөт экен. Эртең мененки тамактанууга – 10 сом, түшкүгө 30 сом болсо, ал эми кечки тамакка – 20 сом. Ошол эле учурда, ИИМдин үйрөтүлгөн иттерине бир күнгө 120 сом бөлүнөт. Жада калса, абакта отургандардын тамак-ашына да 80 сом кетет. Ошондо, Улуттук-компьютердик гимназия балдар колониясы болуп калабы? ”, – деп ачууланды Р.Момбеков.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ