Menu

Сооронбай Жээнбеков: “Ички тоскоолдуктар сакталып турганда, ЕАЭБ толук кандуу иштеп, кеңейе албайт”

Бөлүшүү:

«Ички тоскоолдуктар сакталып турганда, ЕАЭБ толук кандуу иштеп, кеңейе албайт. Евразия экономикалык бирлиги үчүнчү өлкөлөргө соода жеңилдиктерди бергенге чейин, ЕАЭБ өлкөлөрүндө эркин товар жүгүртүү үчүн, биримдиктеги баардык ички тоскоолдуктарды жоюу керек», — деди  Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков 27-октябрда Беларусь Республикасынын Минск шаарында өткөн Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында. Бул тууралу КР өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Кыргызстан ЕАЭБ кошулуу боюнча келишимге кол коюу менен, ар кайсы маселе боюнча өзүнүн көз карашын иштеп чыгууда евразиялык интеграцияны күчөтүп,  улуттук кызыкчылыктарды коргой турганын баса белгиледи.

«Бул өлкөнү өнүктүрүү үчүн жалгыз туура жол. Биз ЕАЭБ Бажы кодекси, товарларга байкоо жүргүзүү боюнча макулдашуу, товарларды маркировкалоо жана башка пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу сыяктуу биримдиктин документтерин иштеп чыгууга жана киргизүүгө активдүү катышабыз. Бирок көрсөтүлгөн  документтер биримдиктин талаптарына жооп бергидей болуп, улутук кызыкчылыктарды коргоп, реалдуу иштеши керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал ЕАЭБ мүчөлөрү үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык макулдашууларды түзүүгө маани берээрин, бул «Чоң Евразиялык мейкиндик» түзүүгө дем берип, интеграциялык биригүүнүн беделин көтөрөрүн билдирди.

«Ошону менен бирге, активдүү эл аралык ишмердүүлүк ири сандагы тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү алып салууну эске алууга тийиш. азыркы кезге чейин

Биримдик  үчүнчү өлкөлөргө соода жүргүзүүнүн преференциалдык режимин сунуштаганча ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрүн эркин  товар жүгүртүүнү камсыздоо үчүн баардык ички тоскоолдуктарды жоюу зарыл. Кандай гана чечим кабыл албайлы, улуттук кызыкчылыктарды коргоо менен бирге бири-бирибизге колдоо көрсөтүү, Евразиялык интеграцияны глобалдашуу шартында да, ички шартта да бекемдөө өтө маанилүү», — деп жыйынтыктады Кыргыз Республкиасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: