Бизде дайыма адат болуп калган да. Коалиция бузулса эле фракциялар арасында кызыкчылыктар башталып, кайрадан эле парламенттеги күчтөр бийлик бутагына жетүүгө жан урушат. А неге сырткы күчтөрдөн профессионал кадрларды өкмөт курамына тартпайбыз? Элдин кызыкчылыгы, өлкөнүн өсүшү үчүн таза, күчтүү саясатчылардын тажрыйбасын пайдалансак болбойбу? Маселен, генерал Өмүрбек Суваналиев өмүр бою мамлекеттин бекемделиши, коомчулуктун коопсуздугу жагынан кызмат кылып келди. Артында “калбыры” жок, таза жана тажрыйбалуу кадр. Өмүрбек мырза кайсы кызматты аркалабасын, дайыма элдин кызыкчылыгы тарапта болуп, ак дилинен эмгегин аяган эмес. Учурда баарын көрүп атабыз, кадр саясаты аксап, таза эле майдаланып, кейиштүү көрүнүш жаралды. Мындай жагдайда барандуу генералды кайсы бир министрлик кызматтан көрсөк, мунун өзү бийликтин аброюна, элдин эртеңки келечегине жакшы болмок. Туурабы? Негизи саясый элита майда-барат ыйкы-тыйкылардан бийик болуп, Кыргызстан кыйналып аткан учурда алдыга умтулуп, көрөгөчтүк саясат менен кадам таштасак болбойбу? Качанкыга чейин кектешип, майдаланып отура беребиз? Убакыт келди да, мамлекетибиз бирөө эле, башты көтөрүп, татыктууларды колдойлук!
Сакен БӨРҮБАЕВ
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ