Menu

Аида Салянова, экс-генпрокурор: “Бүгүн бийликтин калптан башка куралы жок!”

Бөлүшүү:

– Учурдун маанилүү саясий маселеси Конституция болуп турат. Ар бир президенттик шайлоого жакын калганда ажолордун Баш мыйзамга асылганы алардын өз бийлигин бекемдөөгө аракет жасашканын туюндурабы?

– Ооба, иштеп жаткан президенттер бийлигин бекемдегенге, кетип жаткандары ал кеткенден кийин анын чечимдерин кийин келгендери ревизиялай албай тургандай  кылып, аракеттерин көрөт.

– Убактылуу өкмөт менен президенттин ортосундагы каршылык эмнеден улам келип чыкты деп ойлойсуз, бул жерде Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси себепкерби, же башка да себептери барбы? 

– Карап көрсөк, Убактылуу өкмөттүн  билдирүүсүндө андай деле катуу сөз жок. Аларга караганда көп жарандар, анын ичинде мен деле долбоорду катуу сындаганбыз. Ошондон улам мындай ой келет: Убактылуу өкмөттүн Конституция боюнча билдирүүсү бул шылтоо  болду. Буларга карата жаман ой мурун эле болсо керек.

– Учурда УӨнүн мүчөлөрүнө каршы өзбек улутундагы жарандардан көрсөтмө алуу аракети жүрүп атканы коомго чыкты. Баарын каматуу аракет жүрүп аткан жокпу?

– Бийликтин болуп жаткан кыймыл-аракетинен кийин ошондой кадамдарга “аз эле калды” деп айтканга толук негиз бар.

– Өмүрбек Текебаев Атамбаев тууралуу көп нерселерди ачыктады. Анда Бакиевдерге таандык болгон жер учурдагы Бишкек мэри Албек Ибраимов аркылуу Атамбаевдин менчигине өткөнү да айтылды. Ар бир маалымат айтылгандан кийин анын жыйынтыгы да болушу керек да, жыйынтык чыгаруу үчүн дагы кандай кадамдар талап кылынат?

– Кийин жаңы келген бийлик А.Атамбаевке каршы иштегиси келсе, бүгүн коомго белгилүү болуп калган фактылардын үстүнөн бир-эки көрсөтмө алып, “Ооба, бул тууралуу президент билген, керек болсо өзү айткан”, –  десе эле, аны КР Кылмыш жаза кодексинин коррупциялык кылмыштары менен айыптаганга толук шарт түзүлөт. Бул сабак болуп, бүгүн коркутуу-уркутуу жолу менен алып аткан көрсөтмөлөрдүн негизинде айыптоолорду токтотуш керек.

– Деги эле Атамбаев-Текебаев кармашы өлкөнүн саясий абалын кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн?

– Карама-каршылыктан чындык жаралат. Чындык болсо коомду өнүгүүгө алып келет. Бирок калпка негизделген тирешүү жакшылыкка алып барбайт. Азыр бийликте калптан башка курал жок. Аруу тилек үчүн, чындык үчүн туруп бере турган адам жок. Байкасаңар баары Атамбаевге жашынып алган. Алса коллективдүү чечим алганга гана кудурети жетет.

– Кадыржан Батыровдун качырылышына Текебаевдин катыштыгы бар деп айтып атышат. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

– Буга чейин дагы,  азыр дагы мындай күнөөлөр коюлуп жатканы менен, аны тастыктаган бир дагы далил уга элекмин.

– Атамбаев “мародерчулук боюнча документтерди жок кылып жиберишкен” деп айткандан кийин ошол кезде сиз башпрокурор болуп тургандыктан, коомчулук сизден шек санап башташты. Мародерчулук боюнча документтер чын эле жоголгонбу?

– Президент кимди айткан болсо дагы бул карандай калп. Кылмыш ишинин материалдары тергөөчүдө болот. Тергөөнү ИИМ, УКМК жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы өткөргөн. Ушул жерден бир нерсени айтып койгум келет,  Өмүрбек Чиркешовичти көп жылдардан бери адам катары абдан сыйлайм. Бирок экөөбүздүн жолубуз эки башка эле. Жалаң ичи тардыктын, курулай шектенүүнүн артынан бүгүн бир жолго түшүп, үзөңгүлөш болуп иштеп жатабыз. “Жаман айтпай жакшы жок” дегендей, буга дагы Кудайыма ыраазымын.

– Атамбаев Роза Отунбаеваны мыйзамсыз шайланган президент атады. Мыйзамдын көзү менен караганда Отунбаеванын бийликке келишине кандай баа берүүгө болот?

– Мыйзамдуу талаага түшкөнгө чейин  мамлекетте убактылуу бийлик убактылуу жоболор менен иштеши керек. Бизде декреттер болду. Эгерде мамлекет кыска арада ошондой эрежелерди иштеп чыкпаса, турбуленттик абалдан чыга албай, акыбал революция же төңкөрүш болгонго чейинки акыбалдан дагы начарлашы мүмкүн. Буга дүйнөдө көп мисалдар бар. Роза Исаковна бийликке ошондой жагдайда келди. Мен үчүн бул – баатырдык.

– Мамлекет башчысы өзүнө карата дооматтар пайда боло баштаганда, түрк жергесинде дарыланып атканы белгилүү болду. Сиз өлкө башчысынын ооруп калышынан саясатты көрө алдыңызбы?

– Орубай туруп оорудум десең, сөзсүз өзүңө оору тилеп аласың. Ошон үчүн жеке мен адам “оорудум” десе ишенем, саясат менен байланыштыргым келбейт.

– Фракциялашыңыз Текебаевдин Атамбаевди бир топ кылмыштарга айыпташынын мыйзамдагы жоопкерчилиги кандай болот? Учурдагы президентке кылмыштык айып тагуу туурабы?

– Кылмышты далилдеген база кынтыксыз болуш керек. Бүгүн аны айта турган адамдар бийликтен коркот.

– “Атамбаев бийликти узурпациялап алды” деген пикирлер басымдуулук кылат. Сот органдарына президенттин таасири чоң экени айтылат. Сиз башпрокурор болуп турган чакта жогору тараптан көрсөтмө болгонбу?

– Мага эч ким көрсөтмө бере алчу эмес. Балким, менин көрсөтмөсүз иштегеним кызматтан кетишимдин негизги себеби болду.

– “Элдик парламент” уюмунун бир топ мүчөлөрү канча айдан бери абакта кармалып турушат. Алардын аракетинде кылмыш элементтери болгонбу?

– Коомчулукка белгилүү маалыматтан андайды көрө алган жокмун.

– Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн эрте бошотулушуна Текебаев Атамбаевди айыптады. Сиз ошол убактагы башпрокурор катары Текебаевдин билдирүүсүн тастыктай аласызбы?

– Бүгүн антип тастыктаганга далил жетиштүү эмес. А.Атамбаевдин тиешеси бар болсо, ал кишиден көрсөтмө алган адамдар тастыкташы керек. Мисалы, мага андай көрсөтмө бериши мүмкүн эмес болчу. Абактан чыгаруу жөнүндө сунушун бере турган, чыгаруу жөнүндө чечимин кабыл ала турган орган прокуратура эмес. Ал болгону тиешелүү материалдарга өзүнүн укуктук баасын берет.

Булак: “Майдан.kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: