Menu

Бөдөш Мамырова, экс-депутат: “Ар ким эле өзүнө ылайыктап бычып кийе бергидей Конституция көйнөк эмес”

Бөлүшүү:

— Бөдөш Аманбаевна, Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуяны жеринде териштирүү үчүн сиз дагы депутаттык комиссияга кошулуп барган экенсиз. Бакиевдердин үйүнүн өрттөлгөнү боюнча биз билбеген кандай маалыматтарды ала алдыңыздар? Асылбек Текебаев менен Кадыржан Батыровдун бирге баргандыгы далилденгенби?

— Ооба, мен дагы депутаттык комиссияда болгом. Биз Ош, Жалал-Абаддагы улуттар аралык кагылышуу бир жактуу болуп калбасын деп абдан терең изилдегенге аракет кылдык. Депутаттык комиссиянын бир топ мүчөлөрү, анын ичинде мен дагы Бакиевдердин үйлөрүнө журналисттердин коштоосунда барып көргөнүбүз чын. Анткени ишти изилдөөдө абдан көп адамдар менен сүйлөшүүгө туура келди. Ар кандай пикирлер, бир топ кагаз жүзүндө материалдарды алып келишти. Ошонун ичинде К. Батыровдун Бакиевдердин үйүн өрттөгөнү, аны менен катар Кыргызстандын желеги өрттөлүп кеткени жөнүндө элдин нааразылыгы күч экени да айтылды. Ошол себептен жеринен тактоону туура көрүп, журналисттердин коштоосунда барууну туура көрдүк. Биздин барышыбыз алдын ала кабарланган эмес болчу. Биз барып суроо берип сураганга деле үлгүргөн жокпуз. Кошуналар өздөрү эле чогулушуп, биринен сала бири болгон окуяны айтып берип жатышты. Үй толугу менен күйүп, баары күлгө айланып калбаптыр. Эшик-терезелери сынып, үйүнүн ичи өрттөлүп, тонолуп кетиптир. Темир дарбазасын жип менен байлап коюшуптур. Кошунасы жашы келип калган эже эшикти ачып, бизди короого киргизди. Журналисттер да суроо берген жок, депутаттык комиссиянын мүчөлөрү биз да суроо берген жокпуз. Ошол убакта элдин Бакиевдерге болгон нааразычылыгы күч эле болчу, ошого карабай болгонун болгондой чогулган эл айтып жатышты. Ошол күнү кайдан, кимдин адамдары келип, ким менен ким жолугушканын дагы айтышты. Көчөнүн төмөн жагынан каналды бойлой жол бар, ошол каналды бойлоп Кадыржандын адамдары келишти, көчөнүн жогору жагынан ак футболка, кызыл кепка кийген бир топ балдар келди. Кичинекей арыктын үстүндөгү көпүрөдө ким-ким менен сүйлөшүп турганын, балдардын үйдүн ичиндеги болгон нерсенин баарын ташыганын, бүткөндөн кийин бензин чачып өрттөп жиберишкенин айтышты. Абдан коркунучтуу болду, өрт үйлөрүбүзгө жармашабы деп абдан кооптондук дешти. Анан мен сурадым “Кыргызстандын туусу кайсыл жерде илинип турду эле?”-десем, короосунда боз үй сыяктуу сөрүсү бар экен, ошол сөрүнүн үстүндө илинип турган дешти. “Өтө эле бийик илинип турган экен. Ал жакка кантип жетишти”-десем, “Кантип жеткенин билбейбиз, балдар алып түштү да, мамысын сындырып туруп отко ыргытып жиберишти” деп айтышты. Үйдүн ичиндегинин баарын ташып бүтүп, чоң ити бар эле, ошол итти жетелеп чыгып баратканда, ит жерди тытмалап, короодон чыкпай ыйлады дешти. Эне катары айбан болсо да ажалдан коркуптур деп дене боюм дүркүрөдү. Ал эми акыйкаттык үчүн аянтта кырчындай балдардын өмүрлөрү тал кыйгандай кыйылып атылып кетти. Арбактары ыраазы болуп, көксөгөндөрү ишке ашып, мамлекетибиз туура жолду тандаар бекен деген ойго батып турдум. Кассетаны журналисттер бурмалап койбосун, иштин материалдарына так тиркелсин деп ошол жерден эле чыгарып алып Абдрахман Маматалиевге бергенбиз. Ошто да абдан көп иштедик. Көп материалдарды алганбыз. Комиссия болгондон кийин мүмкүн болушунча так маалымат чогултканга аракет кылдык. Баарын жыйынтыктап алып чыгат деп комиссиянын башчысы Токон Мамытовго бергенбиз. Биз чогулткан материалдардан өзүбүз күткөндөй жыйынтык чыкпай калды. Мен аны ачык эле айтышым керек, чогулган материалдардын негизинде туура баа берилип, күнөөлүүлөр мыйзам алдында татыктуу жазасын албагандын кесепетинен, сепаратист Кадыржан эл аралык трибунадан Кыргыз мамлекетинин дарегине сын айтып, анын айткандары мамлекет башчы менен бакандай саясатчынын тирешүүсүнө башкы тема болуп, ал тургай айрым убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн да бири-бирине каршы болгонго түрткү болуп олтурат.

— Бакиевдерин арасында соттолуп, айып тарткан жалгыз Санжар Бакиев болду. Бул адилетсиздик болуп калган жокпу?

— Күнөөлөнгөн адамдардын арасындагы Бакиевдин 5 жылдык бийлик системасына негизги таасир берген бир туугандарын ар кандай жолдор менен узатышып, ал тургай үй–бүлөлүк системага түздөн-түз катышы бар делип камакка алынган Акмат Бакиевди деле эч кандай кайтаруусу жок эле ооруканага чыгаруу жолу менен жылуу-жумшак узатып коюшту. Жакында Медициналык Академиянын жаңы жетекчисинен журналист «Акмат Бакиев сиздин ооруканаңызда жаткан экен»- деп сураса «Ооба, менин ооруканамда жатканы чын, аны оорулуу катары кабыл алгам. Аны кайтарып өлкөдөн чыгарып жиберүү менин милдетиме кирбейт болчу»- деди. Анан баары кетип эле акчасы жокпу, же таянаары жок дедиби, бир жаш баланын кармалышы коомчулукта күмөн ойду жаратып койду. Бакиевдердин өрттөлгөн үйүнө барганыбызда Жусуп Бакиевдин үйү деп көрсөтүштү. Короосуна башка көчөдөн кирет экен. Ал жерден бир апа “ушул үй талап-тонолуп кеткенден кийин баласы Санжар Бакиев түрмөдөн чыгып келди. Аркы эшиги менен кирип үйүнүн ичин кыдырып көрдү. Бир убакта кичинекей балканы кармап, үйдүн тепкичинде эки саатка жакын өксүп ыйлап олтурду. Эмнени ойлонду биз билбейбиз. Туруп эшигин зым менен байлап кетип калды”- деди. Албетте, бийлик коомчулукка жооп катары акчалуу, алдуу-күчтүүлөрүнө айбат кыла албай, алсыздарын кармап калды. Бакиевдер дагы баары үчүн бир жетимин садага чабышты. Атасы тирүү болсо бу баланы деле ала качышмак деген түмөн-түркүн божомолдор али күнчө айтылып келет.

— Депутаттык комиссия Ош, Жалал-Абадда жүргөндө да ушул маселе менен эл кайрылышкан дешет?

— Биз Жалал-Абадга келгенде областтык администрациянын жанында чоң жыйын болуп калды. Ал жерде Санжар Бакиевдин сүрөтүн кармап бошотууну суранган бир топ аялдар турушуптур. Ошол маалда Санжардын соту жүрүп атса керек эле. Жыйын бүтүп кетип бара жатканда мени аялдар токтотуп калышты. Мага Санжардын күнөөсү жоктугун, бийлик Бакиев деген фамилиясы үчүн эле кармады деген сыяктуу бир топ сөздөрдү айтышып, чуру-чуу түшүп атышканда мен дагы эмоция менен “Агалары Кыргызстандан чыгып кетип, тополоң болуп жатканда токойго барып банда түзүп, курал-жарак менен турган жеринен укук коргоо органдары кармап кетишпедиби, тынч эле турбайбы”- десем аялдар “мунун дагы убагы келгенде чындыгын угасыңар. Санжар Бакиевди Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйдөгү батиринен кармап кетишкен, аялы жаңы төрөп үйүндө болгон”- дешти. Мага аялдар жалган айтыштыбы же алар айткандай мүмкүн мезгили келгенде кайсы жерде кармалганы ачыкка чыгабы кызыкканым дагы жок. Мага баардыгы кетип жалгыз калган бала аянычтуу көрүндү. Санжар Бакиевдердин баардыгынан атанын баласы экен, бийлик ошого окшогон жетим-жесирге алдары жетет экен дешип бир топ чуулдап анан токтошту.

— Ош окуясында дагы кандай эл билбеген маалыматтарды билдиңиздер эле?

— Ош окуясындагы жаралуу жандардын оорусун кайра тырмагым келбейт. Балким качандыр бир күнү баардыгы ачыкка чыгаар. Болгону ошол Ош окуясына түздөн-түз күнөөсү бар, эки элди кайраштырган, мезгилден пайдаланып өлкөнүн бүтүндүгүнө шек келтирген, мамлекеттик түзүлүштү бузууга аракет кылган, өзгөчө оор беренелер менен жоопкерчиликке тартыла турган сепаратисттин сынына кабылып олтурганыбыз мени абдан өкүндүрөт. Эл күнөөлүүлөр жазаланбай,, элди козуткандар, эл бузарлар кайрадан баш көтөрө баштайбы деп дагы деле түпөйүл. Анткени эмдиги жылы президенттик шайлоо.

— Каргашалуу окуяга түздөн-түз күнөөсү бар Кадыржан Батыров “мен өлкөдөн 20-майда чыгып кеткем”- деп жатат. Ал эми Өмүрбек Текебаев болсо Кадыржан менен Атамбаевди июнда жолуккан деп айтууда. Кимисине көбүрөөк ишенсе болот?

— Мен экөөнө тең ишенем деп айта албайм. Текебаевдин интервьюсун окудум. Атамбаев эч кимге айтпай Ошко барып, Кадыржанга телефон чалып “элди чогулт, мен баратам”- дептир. Кадыржандан башка эл чогулта турган адам табылбай калганбы? Кадыржан бийликтин горизонтунда пайда боло элек кезде деле эл чогулуп, саясий иш чаралар өтүп, бир эмес эки жолу бийлик системасы алмашпады беле. Убактылуу өкмөткө айтпай бараткан Атамбаевди эмне максат менен кетип жатканын билбей туруп, коопсуздугун камсыз кылгыла деп эмнеге Текебаев инисине айтат? Эмне үчүн убактылуу өкмөт Атамбаевди улуттар аралык маселе козголуп абал курчуп турганда Кадыржанга жолугуунун кандай зарылчылыгы бар эле деп жеринен териштирбейт? Эмне үчүн 5 жыл өткөндөн кийин сепаратист Кадыржан президент менен Текебаевдин ортосундагы чырга негизги тема болуш керек? Бир туруп Текебаев жөнүндө айтса, бир туруп президент жөнүндө айтып жатпайбы. Деги бизде намыс барбы? Кадыржан ким деги, анын айткандарын негиз кылып тирештиргидей? Кадыржан айтты деп айткандан уялыш керек. Азимжан Аскаров деген ким? Өмүр бою эркинен ажыратылды деп үч инстанцияда күнөөсү далилденгенине карабай иши кайра каралып, Конституцияны өзгөртүүгө негиз болгудай адамбы? Коомчулукка Аскаровдун айынан Конституцияны өзгөртүү керек экен деген түшүнүк таштабашы керек. Аскаров тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн милициянын полковниги М. Сулаймановдун жакындарынан бери Конституцияны тез арада өзгөртүш керек экен, Аскаров чыгып кетпеш үчүн деп сүйлөтүп атат. Эки элдин ортосунда башаламандыкты уюштурган, адам өлтүргөн мыкаачы эмне үчүн Баш мыйзамга себепчи болуш керек? БУУнун адам укуктары боюнча бюросу болгону рекомендация гана берет. Сөзсүз түрдө каралсын деген норма жок. Эч жерде Жогорку соттун чечимин бузуп кайра-кайра чечим чыгарылсын, шашылыш түрдө Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилсин деп жазылган эмес. Экөө тытышса, эшикти жаап алып каалашынча тытыша берсин, Кадыржанды ортого коюп, авторитет кылбай. Албетте мындай жерде Кадыржан “Мына, Кыргызстандын саясаты мага байланыштуу, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн көз карашы менден көз каранды турбайбы”- деп ЕККУнун трибунасында кыргыз саясатына баа берип, геноцид деген терминди айтып жатат. Кадыржанга сүйлөө аянтчасын түзүп бергендиги үчүн тезинен ЕККУнун Кыргызстандагы ишмердигине баа берүү керек.

— Деги эле Конституциянын өзгөрүүсүнө макулсузбу?

— Конституция өзгөртүүгө муктаж, бирок мыйзамды сыйлоо менен кеңири чөйрөдө бир канча жолу талкууланып, шашпай, сунуш-пикирлерди кабыл алып, процедураны бузбаш керек болчу. Муну азыр талашып-тартышып жаткан Текебаев өзү деле билет. Керек болсо эки жолу Баш мыйзамды өзгөртүш үчүн эки чоң мыйзамды көтөрүп чыккан. Бирок палатада колдоо таппай калган. Конституцияга өзгөртүү, толуктоо киргизүү 2020-жылдын 23-сентябрынан кийин каралат деп атайын Баш мыйзамда жазылып турат. Аны Убактылуу өкмөттүн декрети менен бекитип, референдумга алып чыгып эл добуш берген. Ошондуктан Баш мыйзамды өзгөртүү шашылыш, процедураны бузуу жолу менен өтүп жатат. Конституцияны өзгөртүп референдумга алып чыгыш үчүн атайын референдум жөнүндө мыйзам болушу керек. Ал мыйзам жок болчу. Шашылыш түрдө ошол мыйзамды кабыл алышты. Мыйзам кабыл алуунун да шарттары бар.

Атайын коомдук угуу, талкуу жүргүзүп, комитеттерде карап, талкуулап анан өткөрүш керек эле. Бул жерде процедураны бузуу жолу менен тар чөйрөдө талкууланып шашылыш кабыл алынып жаткандыктан, кыска убакытта кайра өзгөрүүгө дуушар болчудай болуп калды. Тар чөйрөгө кызмат кылып, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланбаш керек. Ар ким эле өзүнө ылайыктап бычып кийе бергидей Конституция көйнөк эмес да.

— Учурда Куловдун айланасында сиз эле калгандайсыз. Көп партиялаштарыңыз башка партияларга кире качып, кайрадан депутат болуп олтурушат. Сизге дагы биздин партияга кел деген сунуштар болду беле?

— Куловдун айланасында сиз эле калгансыз деп үйрөнгөн адатыңар менен айтып жатасыңар. Куловдун айланасынан мен да алыстап калгам.

— Куловдун ким экенин баамдап калдыңыз да. Коомчулукка анын чыныгы жүзүн айтып бере аласызбы?

— Кулов деле адам. Милициянын генералы, “Ар-Намыс” партиясынын жетекчиси. Ал кишинин саясый чөйрөсүнө, бейнесине кайрылгым деле келбейт. Феликс Кулов түрмөдөн чыгып, премьер-министр болуп, андан кийин Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенге чейин жакшы билген эмес экенмин. Анткени партия түзгөндөн көп өтпөй эле камалып калды. Өзүнүн кулк-мүнөзүнө, чөйрөсүнө, мезгилге жараша саясат жүргүзгөн адам. Туура “Ар-Намыс” партиясы чачырап кетти. Кыйын мезгилде, бийликтин бүт багыты жалгыз биздин партияга бурулуп, ар кандай кысым, басмырлоо болуп турганда арабызда болуп, катарыбызды толуктап турган партиялаштарыбыздын көбү чыгып кетти. Азыр жаңы адамдар менен жаңы кадамдарга барам деп жатыптыр.

— Экөөңүздөрдүн ортоңуздарда эмне болду?

— Эч нерсе болгон жок. Мен адамдардын ортосундагы жеке таарынычтан партиялык ишке көлөкө түшүргөндү жаман көрөм. Мен аял кишимин. Саясатта канча болсом да өтө кууланган, митайым саясат жүргүзө албайт экенмин. Ага менин табиятым, тарбиям, аялдык мүнөзүм да жол бербейт. “Ар-Намыс” партиясына акаарат келтирбейм. Ошол партияда жүрүп саясатты өздөштүрдүм, карьера жасадым дегендей. Бирок ошол тапкан нерселеримдин баардыгы өзүмдүн күч аракетимдин негизинде болду деп ойлойм. Ошондуктан мен эч кимдин алдында актанбайм. Мени “Ар-Намыска” Кулов алып келген эмес, мен өзүм келгем. Мени партияга Э. Алиев кабыл алган, партияга келип саясий карьерамды түптөй баштаган учурда Ф.Кулов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы, мамлекетке ири суммадагы зыян келтиргени боюнча айыпталып түрмөдө болчу.

— Текебаевдин айланасында ызы-чуу бүтпөс болду. Ушул жаатта сизге чуулгандуу материалдар депутат кезиңизде келип түшкөн дешет. Ошол материалдар кайда? Кимдин колуна берилген?

— Силер аны кайдан уктуңар?

— Өзүңүз айтпадыңызбы, журналисттер билбеген маалымат жок деп.

— Канчалык жаап, жашырган менен мародёрчулук болгон. Жалгыз гана Бишкекте эмес, жер-жерлерде да болгон. Кептин төркүнү ким тарабынан, кимдер катышкан, таланып-тонолгон оокат кимдин менчигинде калган же болбосо мамлекеттин кайсы капчыгын толуктады, мына ошонун тегерегинде болуп келет. Жакында “Тянь-Шань” асыл тукум заводунун малдары дагы таланып кеткен деп окуп калдым. Талап-тоногондордун даректери окшош болуп бир жерден чыгып атат. Кээ бирөөлөр тонолгондун көпчүлүгү Бакиевдердин оокаты, аларга убал жок, суроо-талабы дагы жок, эмнеге чуру-чуу түшүп атышат деп ойлойт болуш керек. Бакиевдер элдин эсебинен байыган, мамлекетти тоногон деп кубаланбадыбы, анан кайра эле элдин энчиси талоонго түшөбү? Ушул жаатынан алып караганда талап-тоноочулар (мародерчулар) аныкталып, мыйзам алдында жооп бериш керек. Кыргызда бир мааниси терең сөз бар «бүлүнгөндөн бүчү алба» же болбосо «элди тоногон эзели оңбойт»-деген. Мен көзүм менен көрүп, колунан кармап албагандан кийин тиги же бул тоногуч, ошонун ичинде “Ата-Мекен” партиясынын катыштыгы бар деп айта албайм. Эмнегедир мародерчулук жөнүндө сөз болгондо эле Өмүрбек Текебаев чок баскандай секирип, кабинетинде болсо да залга чуркап келип, кызыл чеке болуп кырылышканга чейин барчу. Бул көрүнүш 5 жыл бою маал-маалы менен кайталанып турду. Кээ бирде Текебаевдин канын кызыткысы келгендер атайын эле мародер деген сөздү сөз арасына кыпчып кете турган жагдайлар да болуп жүрдү. Бул көрүнүш эмнегедир түшүнүксүз болуп, таң кала берчүмүн. Ошол жерден баягы мага келген аялдар жөн жерден келбеген окшойт, бир мандем бар го деп ойлонуп калдым.

— Мынча болду алар кимдер, кандай маалымат берди эле? Кененирээк айтып бербейсизби?

–2010-жылы депутат болуп шайланып келдик. Мандат көпкө чейин берилбей жатканы менен кабинеттер бөлүштүрүлүп калган. Мен кабинетимде олтурсам, кабылдамада ызы-чуу болуп калышты. Эмне болду деп эшикти ачсам, үч аял туруптур. Көрсө балдар, эже жок деп айтып, жөнөтүп жиберейин дешкен го. Анткени ал аялдар ар эшикти каккылап, ким кабинетинде болсо киргенге аракет кылып эртеден бери жүрүшүптүр. Мага киришти да, мародёрчулук боюнча төкпөй-чачпай айта башташты. Колдоруна чоң папка көтөрүп алышыптыр, документ сыяктуу ар кандай кагаздар, бир топ диск, толтура сүрөттөр бар экен. Азыр ошол окуяга туш болсом башкача мамиле кылып, тереңирээк көңүл бурмакмын. Ал убакта чынын айтканда Бакиевдик системаны жаңыдан кулатып, аларга болгон жек көрүү күч болчу. Талап-тоноого үч аял активдүү катышканы тууралуу кенен айтып башташканда, “Силерди ким ал жакка бар деди? Мыйзам алдында жооп бересиңер, талап-тоногонуңар үчүн”- десем, “Өзүбүз эле талап-тоноону баштаган жокпуз. Биз кимдин оокаты кайда экенин кайдан билебиз? Баарыбызды бир үйгө чогултуп сүйлөшүп, тапшырма берилип, үч топко бөлүнгөнбүз”- деп кимдин үйүндө сүйлөшкөнүнөн бери айтып жатышты. “Кайсыл үйгө барганыбызды азыр көрсөтүп да беребиз”- дешти. “Ошол жактан чыгып келе жатсак Келдибековдун үйүн 30-40тай бала кайтарып туруптур”- дешкенинен, “Анын үйүн да тонойт белеңер”- десем «жок ал үй айтылган эмес»- дешти. ”Андан түз “Вефа” центрге келип биздин топ башчыбызга чалсак, “Түз келе бергиле, көпүрөдөн өткөндөн кийин светофордон солго бурулуп келе берсеңер мен күтүп турам” деп айтты. Биздин биринчи талап-тонообуз ошол жерден башталган”-деп айтып жатышпайбы. Андан кийин буюмдарды кайда алып барганы боюнча айтып келип «Баарын бир жерге топтоп, кийин бөлүштүргөндө эч кимиңерди кур койбойбуз дешип, алтургай бизге квартира алып бере турган болушкан. Мына эми иш бүткөндөн кийин эч кимисин таппай сандырап калдык” деп айтып калышты эле, мен эмнеге мага келдиңер, Өмүрбек Чиркешовичке барбайсыңарбы десем, “Бир айдан бери ушул жерде самтырап жүрөбүз. Текебаев кабыл албай жатат. Сизге келдик” –дешти. Мен кабылдамадагы баланы чакырып, Өмүрбек Чиркешовичтин кабинетин көрсөтүп кой деп аялдарды кошуп бердим. Жанагы чоң папканы албайм десем болбой таштап кетишти. Текебаевдин өзүнө алып барып бергиле десем, “Бизде мындай папка толтура” деп коюшту. Ошентип менин кабинетиме үч аял келип, мародерчулукка катышканын, кайсыл жерден талап-тоноочулукту баштаганын айтып, бир папка таштап кеткен. Эгерде менин оюмда жамандык болуп, же болбосо бирөөнүн артынан карасанатай оюм болсо, папканы компромат үчүн карап, же сактап коймокмун. Көпкө чейин папка менде турду. Бир күнү Жогорку Кеңештин чыгыш жагынан чыгып баратып раматылык Асилбек Текебаевге жолугуп калдым. Асилбек Текебаев менен мен “Ар-Намыстын” түштүк региону боюнча куратору катары ар кандай иш чараларда көбүрөөк иштешип калдым эле. Андан дагы Асилбек коомдук ишмер, активист, дегеле адам катары сезимтал, намыстуу жигит болчу. Ошону үчүн дагы эрте кетип калдыбы деп коём. “Асилбек, мен албайм десем болбой үч аял келип, бир топ нерсени кобурашып, бир папка таштап кетишти, чакырып бир үнүн угуп койбойсуңарбы? Мага айткандарын дагы бирөөлөргө айта турган болсо, чын-жалганына карабай тескери пикир жаралып калчудай, абдан жаман нерселерди айтып жатышат”-деп жанымдагы баланы кайра кабинетке жиберип, папканы алдырып Асилбекке бердим. Асилбек ошондо ооруп жүрсө керек, дарыланып жүргөнүн айтты. Асилбектин чындыгында ошол окуяга тийешеси жок экенин билдим. Анткени ал борборду билбейт да. Мен айткандарымды угуп, селейип эле туруп калды. Папканы алып кеткен, бирок көп өтпөй эле каза болуп калбадыбы.

— Сиз ошол папкада маанилүү маалымат бар экенин ошондо байкабадыңызбы? Эмнеге өзүңүзгө сактап же болбосо Өмүрбек Текебаевге бербедиңиз?

— Чындыгында анча маани берип, алтургай алардын айткандарына деле ишене бербедим. Анткени ошондой талап-тоноочулук болуп, алар айткан адамдардын катышы болот деп үч уктасам түшүмө кирбейт болчу. Андан дагы апрель окуясына чейинки бийликтин кысымы, 7-апрель, Ош окуясы, системага болгон жек көрүү али күчүндө болчу. Андан дагы карасанатайлык издебеген, куулук-шумдугумдун жоктугу болуп калды го. Кийин өзүм эле папканы көтөрүп, Текебаевге чыксам болмок экен деп ойлоп калдым. Бир жагынан мен Текебаев менен мамилемди өтө этият кармайм. Анткени ал киши кандай учурда аялдарга сый мамиле кылат билбейм, көбүнчө түз сүйлөп, түз суроо бергенди, өзүнө карата айтылган сын эмес, туура сөздү да кабыл ала албаган, аял экенине карабаган өтө орой мүнөзү бар. Мен да өзүмчө мүнөз күткөн аял катары анын чыкчырылган кырс мамилесин көргүм келбейт. Айтылат эмеспи «сууну сиңген жерге төк, сөздү түшүнгөн кишиге айт»- деп. Ошол сыяктуу эч бир арам оюм жок, түшүнгөн адамдын колуна бердим окшойт. Ушул мезгилге чейин ал аялдар кайда, эмне болду билбедим, билгенге кызыккан деле жокмун.

— Текебаев менен Атамбаев азыр элдешүү жолуна түшүп алгандай. Анткени Алмазбек Атамбаев буга чейин сыйлык тапшыруу аземинде сый болуубуз керектигин эскертти. Буга чейин Текебаев экөө Бабанов менен Келдибековдун тагдырын кантип чечкендери тууралуу Өмүрбек Чиркешовичтин оозунан укпадык беле?

— Булар сүйлөшүү аянтчасын издеп жатышат деп мен мындан мурунку маегимде эле айткам, андан башка жол жок болчу. Анткени, бири-бирине карата айтылган айыптар боюнча топтолгон маалыматтардын кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар экенин, ошол эле мезгилде мыйзамдуу далилдерин, чукушуп атып өздөрү коомчулукка жарыялап алышты. Мага, сага, коомчулукка билинбеген, тар чөйрөдө экөө олтуруп эле чечип койгон канча тагдырлар, анын ичинде мамлекеттин тагдырын деле 5 жыл бою экөө эле чечип келгенин Текебаев өзү эле айтып чыкпадыбы. «Сизге мындай ыйгарым укукту ким, кайсы мыйзамдын негизинде берди? Өкмөттү, парламентти, жеке адамдын тагдырын каалагандай калчаганыңыз үчүн кайсы мыйзам менен жооп бересиз?»- деп суроо салган бирөө болдубу? Лам деп ооз ача албай, Аллабыз оозубуздан түшүп, сериал көрүп жаткансып, коомчулук кийинки сериясын күтүп олтуруп калбадыбы. Сот, прокурор, СНБ, МВД алып чыга албаган талап-тоноочулук, басып алуучулук иштерин өздөрү эле алып чыгып, качан мыйзам чегинде баа берилет деп күтүп калгандан кийин, аргасыз жарашуунун жолун издөөгө өткөндөн башка жол жок калды да. “Атамбаевге макул эмесмин, бирок терроризм күчтөп турган маалда биз бири-бирибизди түшүнүшүүгө барышыбыз керек” деп Текебаев акырын сөзүнүн тырышын жазып үтүктөп атса, ажобуз кечиримдүү бололу деп жети жолу кайталап айтып жатат. Текебаев менен Атамбаевдин кайым айтышуусунан терроризм күчөп же басаңдап калбайт. Тек гана элди бушайман кылып, дүрбөлөңгө салып «чылпагын алам деп көзүн оё сайды”-демекчи абийир төгүлүп атбайбы. Абийирден, намыстан өткөн мыйзам барбы? Деги ким кечиришпей кайрашкыла деп түртүп атат? Оппозициябы же позициябы? Чак түштөгү чагылгандай болуп түз турган жеринен эле секирип кетишбедиби. «Туура сөз тууганга жакпайт» дейт. Бирок ачуу чындык, акыйкаттык айтылыш керек. Балким биз билбеген экөөнүн сүйлөшүп алып жасаган дагы көп нерселери болушу мүмкүн. «Эсиң барда этегиңди жап»- дегендей, дагы бирдемелер элге чыгып кете электе элдешип алып, бул акыйнекти эртеңкиге сабак катары кабыл алуулары керек. Эмдиги жылы боло турган шайлоого алдын ала жакшы эле күрөш башталды эле, ийгиликтүү натыйжа болбой калды. Анткени, айтылган сөз атылган октой болбой, артка кайтып жатканда, бул да болсо команданын компетентсиздиги, деңгээлинин төмөндүгү. Ажобуздун дагы аңдабай айтып алган сөзүнүн аягы көрүнүп, жыйынтыкталбай, беш жылдык башчылык мөөнөтүнө коомчулук өз баасын берди окшойт.

Маектешкен Баян Кулова

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: