“Кыргызстан” фракциясынан депутат Таалай Масабиров ажы болуп келгенден бери парламентте депутаттарга даават кылганын токтотпой, намазга жыгуу жагынан үгүт жүргүзгөнү күчөптүр. Албетте, намазды ар ким өз каалоосу менен окуйт да. А бу Такеңер ар кимди кыйнап эле кудум молдокеге айлангандай жүрүш салганы эмнеси? Негизи биз светтик өлкөбүз. Баардык диндерге калыс карашыбыз шарт. А эң башкысы, Жогорку Кеңешке даават айтуу үчүн эмес, элдин көйгөйүн чечүү, мыйзам жазуу иши менен алек болуш керек. Масабиров анчалык эле ашынып, динчил болуп кетсе, анда мандатын тапшырсын да, бир мечитке барып молдокеге айлансын! Адашып жүргөн болсо, жолун тандап алсын эй…
Мурат Тайбасов
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ