Menu

“Өрт өчүргүчтүн” милдетин аткарган генерал Курсан Асанов

Бөлүшүү:

Кыргызстандын кайсы жеринде коңшу өлкөлөр менен чек арага байланыштуу чыр-чатактар чыкса, ошол регионго десанттай болуп ИИМдин орун басары Курсан Асанов түшөт. Эки элди жараштыруу, ынтымакты бекемдөө жагынан дайыма демилгечи болуп келет. Июнь окуясындагы эрдиктерин бүтүндөй кыргыз журту билет дечи, андан кийин да Курсан мырза Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында бир канча ирет улут аралык уруш-талаш чыкканда элдин тынчтыгын сактап, коопсуздугубуз үчүн эбегейсиз салым кошкон. Кошуна өлкөлөр менен мамилени чыңдоодо генерал Асановдун эмгеги зор экенин тана албайбыз. Мына ушундай мекен үчүн күйгөн профессионал кадрга сыйлык берсек болбойт беле? Тескерисинче, жылуу кабинеттен чыкпаган, “мажор” сындуу Данияр Абдыкаров “Эрдик” медалын алды. Мындай көрүнүшкө бүтүндөй ИИМдегилер таң калышууда. Сыягы, бүгүнкү күндө адилетсиз наамдар берилип атканы мамлекетке аброй апкелеби?

Мурат Тайбасов

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: