Menu

Дайыр Кенекеев, Талас облусундагы өкмөт өкүлү: ““Төө бурчакты дүйнөнүн 40 мамлекетине экспорттой баштадык”

Бөлүшүү:

Облустардагы өкмөт өкүлдөрүнүн ичинен Дайыр мырза жаштыгы, курчтугу менен айырмаланат. Мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасы да түзүк. Эл түйшүгүн колдон келишинче көтөрүүдө. Учкай собол салып, Кең-Колдогу абалды сураштык.

–Дайыр мырза, таластыктардын “көзүр тутчу” байлыгы төө буурчактын түшүмдүүлүгү, баа наркы кантип жатат? Дегеле облустагы жыйым-терим кандай болду? Быйыл жергиликтүү дыйкандар убайым чегип, кыйналып калышпайбы?

–Быйылкы 2016-жылы облус боюнча 52 миң гектардан ашык аянтка төө буурчак себилген. Ушул күндөргө карай жыйым-терим 99,8% аяктады. Бүгүнкү күндө өндүрүлгөн төө буурчак дүйнөнүн 40 мамлекетине экспорттолууда. Азыркы убакта төө буурчактын баардык сортторуна болгон баа 50 сомдон жогору болду. “Мындай базар баасы дыйкандарды убайым чектирет же кыйнап коёт” деген ойдон алысмын. Бизде базар экономикасы болгондугуна байланыштуу, өндүрүлгөн продукцияларга баа суроо-талаптарга жараша болот.

–Жерүйдү сатуудан түшкөн каражатка облустун аймагында тыңгылыктуу деле курулуш курулуп, чеке жылыта турган иштер аткарылбаптыр го? Муну жергиликтүү эл дагы баса белгилеп айтып жатышат. Облустун кожоюну катары буга кандай актануу кыласыз?

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомунун негизинде, Талас облусунун, Талас районунун өнүктүрүү фондуларынын эсептик счетуна жана Талас районунун Бекмолдо айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин өзүнчө кол тийгис бюджеттик эсеп счетуна 170,3 млн сомдон акча каражаты которулган. Бүгүнкү күндө Талас облусунун өнүктүрүү фондусуна акча каражаты жаңыдан, тактап айтканда, октябрь айынын 14дө келип түштү. Учурда инвестициялык долбоорлорду кабыл алуу жана тандоо иш чаралары жүрүүдө. Ал эми, Талас райондук өнүктүрүү фондусу тарабынан 11 айыл аймакта жалпысынан 40 айыл жергесине керектүү техника сатылып алынып, 7 даана МТСтер ачылды. Мындан тышкары футбол, спорт аянтчалары курулду жана ошондой эле айыл аймактардын генералдык пландарын негизинде инфраструктуралык долбоорлор ишке ашууда. Ал эми Бекмолдо айылдык аймагы тарабынан 2 комбайн сатып алууга, мектептин жана бала бакчанын жылытуу системасын оңдоого, бюджеттик мекемелеринин электр энергиясына болгон карыздарын жоюуга жалпысынан 13122,3 миң сом акча каражаты каржылоого алынды. Дагы да облусубуздун өнүктүрүү фондуларынын эсебинен көптөгөн алгылыктуу иштер алдыда турат, бул жагынан мен сизди ишендирип кетем.

–Коалиция тарап, өкмөт курамы кайрадан жаңыланмай болууда. Креслоңузду сактап калуу боюнча ичиңизден түпөйүл тартып, сары-санаа болуп жатасызбы?

Коалиция — жөнөкөйлөтүп айтканда депутаттык фракциялардын ынтымактуу биримдиги. Президенттин сунушу менен жаңы коалицияны түзүү бир депутаттык фракцияга тапшырылат. Бул жерде өз кресломду сактап калуу боюнча сары-санаага түшүүгө кажет жок. Бул кызматка бекигенден кийин өзүмдүн 100 күндүк отчетумду массалык маалымат каражаттарына жана облусубуздун активине бердим. Бул отчетто 100 күн ичинде аткарган иштерим жана алдыга койгон пландарым тууралуу айтып өткөм. Негизги максатым болуп, Кыргыз Республикасынын президенти жана өкмөтү тарабынан коюлган талаптарды аткаруу жана Талас элинин көйгөйлөрүн чечүү. Саясатка аралашканга менин убакытым жок. “Мансапка умтулган жигит – элине түшкөн күйүт” деп коет эмеспи. Менин анча-мынча кылган эмгегимди эл баалап, эл түшүнсө болду. Мансап көздөп, мансап кууган жигиттерден эмесмин. Жөнү жок эле “коркконго кош көрүнөт, кошогу менен беш көрүнөт” болбой туралы.

–Убагында сиздин карьералык өсүшүңүзгө Бейшен Болотбеков, Сапар Исаков баштаган өңчөй Кочкор кланынын тыңчыкмалары зор таасирин тийгизгени айтылып жүрөт. Сапар Исаков менен го жакшы мамиледе экениңизди кабардармын, берки Бейшен Болотбеков менен азыр кандай мамиледесиз? Саламдашып, ал кишинин ал абалын, тажрыйбасынан кеп-кеңеш алып турасызбы?

Сапар Исаков менен да мамилем түзүк деп айтсам болот. Учурдан пайдаланып, өзү жаш болсо да кыргыз элине жасаган эмгеги үчүн жакында эле 2-даражадагы “Манас” ордени менен сыйлангандыгын куттуктап кетейин. Анын менин кызмат ордума болгон таасири тууралуу айтсам, кыргызда жакшы макал бар: “Бирөөнүн көлөкөсүндө жүрүп жан баккыча, суукка тоңуп мал баккан жакшы” деген. Убагында Бейшен Болотбеков Талас элин жетектеп, облуска губернатор болгон. Эл катары мен дагы аны менен жакшы мамиледемин. 2002-2004-жылдары тажрыйбалуу байкебиз менен бирге иштешкенбиз. Телефон аркылуу ал-акыбал сурашып турабыз.

Калыгул Бейшекеев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: