Menu

Ирандын президенти АКШны «экономикалык терроризмге» айыптады

Бөлүшүү:

Хассан Роухани БУУда сүйлөп жатат. 25-сентябрь 2018-жыл.

Ирандын президенти Хассан Роухани БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып, күн мурун АКШ президенти Дональд Трамптын ушул эле жыйында айткандарына жооп берди.

Роухани Трампты 2015-жылы Иран менен дүйнөлүк державалар ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден башка өлкөлөрдү дагы чыгууга түртүп жаткан «чыр адам» деп атап, ал АКШ алган милдеттенмелдерди бузуп жатканын билдирди.

Иран президенти Вашингтондун өзөктүк келишимден чыгышы жана «Амеркинанын бир тараптуу мыйзамсыз санкциялары» «экономикалык терроризмдин» формаларынын бири экенин белгиледи.

Роухани айрым өлкө башчылары экстремизм, расизм жана ксенофобиялык тенденцияларды колдоо менен шайлоочулардын добушун алып жатканына өкүнүчүн билдирди. Анын айтымында, мындай лидерлер глобалдык эрежелерди тебелеп, эл аралык интитуттардын кадырын кетирүүдө.

Трамптын БУУ Ассамблеясында айткандарына НАТОго мүчө Түркия менен Франциянын лидерлери дагы терс пикирин билдиришти. Түрк президенти Режеп Эрдоган соода макулдашууларынан «бейбаштык менен» баш тартууга жана экономикалык санкцияларды курал катары жайылтууга эч ким унчукпай карап турбашы керектигин белгиледи.

Франциянын президенти Эммунуэль Макрон Иран маселесин чечүүдө «диалог менен көп тараптуулукту» кармануу керектигин айтты. «Иран өзөктүк дараметин күчөтүү жолунда баратканын баарыбыз билебиз. Бирок аны 2015-жылы Венада кол коюлган келишим токтотту. Бүгүн биз аймактык чыңалууну күчөтпөшүбүз керек. Андан көрө Иран маселесин чечүүдө диалог менен көп тараптуулукту карманганыбыз туура болот», — деди Макрон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: