Menu

Фото – Милиция Бишкектен чыгып, Баткенге кетип калган 4 өспүрүмдү тапты

Бөлүшүү:

Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери үйүнөн качып кеткен төрт өспүрүмдү табышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 17-март күнү билдирди.

Алардын айтымында, 12-март күнү милицияга 37 жаштагы А.К. жана 35 жашар Т.Ы. арыз менен кайрылып, кыздарын издөөдө жардам сурашкан. Кыздар 10-мартта үйүнөн чыккан бойдон келген эмес. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Дайынсыз кеткен кыздар менен бир бала жана дагы бир кыз жоголгону маалым болгон. Алар сүйлөшүп алып, 11-мартка караган түнү Баткенге кетип калышкан. Милиция качып кеткен өспүрүмдөр автовокзалдан кармашып, Бишкекке алып келип, ата-энелерине өткөрүп берген.

Такталгандай, 16 жаштагы 3 кыз жана 17 жашар бала таксиге отуруп, Баткенге кетип калышкан. Алар таксистке жерине барганда жол кирени ата-энеси берерин айтып, алдап кетишкен.

Азыркы учурда тергөө иш чаралары уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: