Menu

Парламент тараса, кайра шайлоодо «Ата-Мекен», «Өнүгүү», «Бир Бол» өтпөй калат

Бөлүшүү:

Конституциянын айынан Текебаев бийлик менен тирешип, компроматтар согушун тутантып, президент Атамбаевдин жинине өлө тийди. Анын запкысын бир эле «Ата Мекен» эмес, эми «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол» партиялары да тартат. Себеби, Текебаевди ээрчиген Төрөбаев менен Сулайманов референдумга каршы позицияларын ашкерелешти.

Коомчулукта кандай гана каршы кыйкырыктар болбосун, жалпы эл 11-декабрда референдумду колдоп берээри байкалып калды. Жашообуз жаңы Конституция менен башталат. Адатта мындай демилгеден кийин саясатта чоң өзгөрүүлөр боло келгени тарыхый факт. Акаев, Бакиев да өз кезегинде Конституцияны өзгөрткөндөн кийин Жогорку Кеңешти таратып, өздөрүнө ыңгайлашкан эл өкүлдөрдүн топтомун апкелген. Бийликтин табияты ушундай да. Учурдагы КСДП, РАЖ, «Кы­ргызстан» партиялары Атамбаевдин каалоосуна жараша «самороспуск» менен таркап кетишсе, шайлоо көпкө узабай 2017-жылдын февраль айына белгиленет. Эл сүйүнөт. Кыш күрөөдө көчөңдө майрам болсо жаманбы? Тилекке каршы, жаңы парламентке «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол» партиялары өтпөйт. Булардын финансылык ресурстары чектелүү, дагы бир шайлоону кайдан көтөрсүн? Ал эми бийлик үчүн шайлоо өткөрүү оңой, каражат табылат. Парла­ментке келүүнүн 10%дык жаңы барьеринен КСДП, РАЖ, «Кыргызстан» өтөөрү күтүлүүдө. Үч партиянын тең талапкерлери президенттин көзөмөлүндө болуп, 80%дан ашыгы жаңы депутаттар менен коштолушу мүмкүн. Себеби, А.Шаршенович 60тан ашып, картайып калганда «оюн салгандарды» каалабайт да. Бир из менен баскандай образды элестете бергиле…

Ошентип, Конституциянын өзгөрүшү менен жаш саясый элита түзүлөт. 2017-жылдын февралында парламенттик, күзүндө президенттик шайлоолор өтүп, жаңы доор башталат. Атамбаев президент болбосо да КСДП аркылуу бийликтин баардык ресурстарын көзөмөлдөп, сырттан караган таасирдүү фигурага айланат. Кыйшаңдагандарды камата берет…

Тайлак Назымов

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: