Menu

Мырзакматов кыймылдай баштады

Бөлүшүү:

Бир кезде өзүн Ош шаарынын “түшпөс ханы” сезген Мелис Мырзакматов мамлекетке кыянатчылык кылып, кызмат учурунда өзүнүн бир топ жеке кызыкчылыктарын ишке ашырып алып, ал иштери үчүн мыйзам алдында жооп берүүдөн коркуп, Бакиев байкесинин жолун жолдоп качып кеткен. Андан бери 4-5 жыл өтсө да, Кыргызстанга келе албай, башка мамлекетте сагалап жүрөт. Ошондой болсо да арам жол менен топтогон акчасы мол эмеспи. Ошол акчасы менен өзүнүн “Улуттар биримдиги” партиясын алдыдагы шайлоого карата кыймылдата баштады. Мырзакматовдун бул партиясы өткөн шайлоого да катышып, эч кандай ийгилик жаратпай ит эле болгон болчу. Азыр да “Жыгылган күрөшкө тойбойт” болуп партиянын катчылыгына “Ата Мекенден” ЖК депутаттыгына келгенине аз эле болгон Клара Сооронкулованы дайындады. Сооронкуловага эмне? Соодасы өтсө болду да. Мырзакматовдун партиясында элге таанылгандардан Клара айымдан башка Сулайман Кайыпов эле жүрөт.

Кыскасы, Мырзакматов партиясын жанданткандан көрө мыйзам алдында таза экенин далилдеп алса болмок. Ал ортодо анын пайдасын көрүп калган кошоматчы, жугундукорлор ЖМКларда, соцбаракчаларда кошоматка кой союп, качкынды сындагандарды ажылдап талап башташты. Эми аларга сөөк болсо болду да, кимге болсо жулуна беришет эмеспи.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: