Menu

Самарканд бийлиги унаа уруп кеткен мугалим мажбурлап көчө тазалоо иштерине жөнөтүлгөнүн четке какты

Бөлүшүү:

Самарканд облусунун акимчилиги 23 жаштагы мугалим Диана Еникееваны жергиликтүү бийликтин буйругу менен көчө тазалап жүргөн маалда автоунаа сүзүп кеткен деген маалыматты четке какты.

Прокуратура мугалим өлөр алдында мажбурлап көчө тазалоого жөнөтүлбөгөнүн билдирген. Бирок мугалим мерт болгон жерде жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштери жүрүп жатканын белгилеген.

«Өзбекстанда март-апрель жашыландыруу жана көрктөндүрүү айлары катары жарыяланган. Бирок бул ийги ишти президенттин сапары алдындагы мажбурлоо жараяны катары түшүнүү – туура эмес», – деп айтылат акимчиликтин билдирүүсүндө. Бирок жергиликтүү бийлик мектеп мугалими Диана Еникеева жана анын кесиптештери окуя болгон жерге эмне себептен барышканын так түшүндүрө алган жок.

14-мартта 23 жаштагы мектеп мугалими Диана Еникееваны көчө тазалап жатканда жүк ташыган унаа уруп кеткен. Ал алган жаракатынан улам көз жумган. Анын артында эки жаштагы баласы жана күйөөсү калды.

Мугалимдин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

Жергиликтүү мугалимдер президент Шавкат Мирзиёев Самаркандга келер алдында жергиликтүү бийлик окутуучуларды күч менен көчө тазалоо иштерине алып чыкканын билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: