Menu

Бишкекте 8 блок-пост алынды, ал эми үчөө башка жерге көчүрүлдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 30-апрель күнү Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев “Аскер кызматчыларын алмаштыруу жана Бишкектеги өткөрүү пункттарынын (постторунун) ишин оптимизациялоо жөнүндө” буйрукка кол койгонун Бишкек шаарынын комендатуранын басма сөз кызматы маалымдайт.

Буйрукка ылайык, Бишкектеги 8 блок-пост алынды. Алар: Маловодное айылындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн посту, айланма жол – Совхоз Фрунзе айылындагы, Пригородное айылындагы (тазалоочу курулма), айланма жол – Маевка айылындагы, айланма жол – Кыргызстан көчөсүндөгү, айланма жол – Алма-Ата көчөсүндөгү, Киргшелк айылындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн посту, Чортеков—Жайыл баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги блок посттор.

Мындан сырткары, МЧК жана Кыргызстан көчөсүнүн кесилишиндеги блок-посту Саадаев менен Кыргызстан көчөлөрүнүн кесилишине көчүрүлдү. Ал эми МЧК менен Жаш гвардия бульварындагы блок-пост Жаш гвардия – Саадаев көчөлөрүнүн кесилишине коюлду. Ошондой эле, МЧК менен Осмонкул көчөсүндөгү блок-пост Древесная көчөсү менен Аламүдүн дарыясы кесилишкен жерге коюлду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: