Menu

«Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт»: Каныбек Иманалиевдин артынан кимдер суракка чакырылат?…

Бөлүшүү:

«Эркин Тоо» басмаканасынын менчиктештирилиши боюнча кылмыш иши кайрадан жанданганы тууралуу маалымат чыгып-чыкпай, ал иште негизги фигурант катары каралып жаткан «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев: «Бул факт боюнча менден кылмыш издөө – Нарын дарыясынан крокодил издөөгө барабар. Бул иш мындан 15 жыл мурун болгон, сот иштерине мен күбө катары да чакырылган эмесмин.

Мен төртүнчү адамдан мекеменин 17 пайыз акциясын сатып алгам, муну декларациямда дайыма көрсөтүп келем» деп бакыра баштады.

17 пайыз акцияны чындап эле сатып алдыбы же менчиктештирүүгө кошкон салымы үчүн алдыбы, аны билбейбиз. Бизге жеткен ишенимдүү булактардын маалыматы боюнча, «Эркин Тоо» басмаканасы Темир Сариев кол койгон өкмөттүн токтому менен аталган басмакананы тарыхый, маданий, архитектуралык имараттардын тизмесинен чыгарылганына байланыштуу кылмыш иши жаңы кылмыш курамы менен толукталабы?

Кайран Каныбек Бишкектин чок ортосундагы баа жеткис кымбат жердеги тарыхый объектини бузуп туруп, асман тиреген имарат куруп, байлыкка маарууну көздөгөнбү? Анан эки иштен бир иш кылып, ал ишке Өмүрбек Текебаевдин «көчүгүнө суу куюп», астыңкы кабатынан кеңсе, үстүнөн кенен чарчы метр батирлерди убада кылып, тизмеге кирип, депутат болуп чыга келди. Эми иш чатагына айланса, ага ишенип Темикенин колун кайрып, токтомго кол койдурган Өмүке кантет?

«Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт» болуп, Каныбекке берген мандат акысын албай, алданганы аз келгенсип, сүйрөлүп, ал дагы сурактагы фигурантка айланабы? Кандай болгон күндө дагы, бийликти пайдаланып, өкмөттү кыстап, токтом кабыл алдырып, жеке кызыкчылыкты канааттандыруу аракети ачыктальш атпайбы? Бул иш үчүн бирөө жарым жоопкерчиликке тартылабы? Же «карга карганын көзүн чукубайт» болуп, тарыхый эстелик талкаланып кете береби?..

Кубат Карачев

Булак: “Азия ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: