Экономика министри Новиковго чейин эле бизде бир топ орус улутундагы жетекчилер иштеп кеткен, иштеп эле жатышат. Эми жаш жигиттин кыргызча билбегенин трагедия кылып, анын иштөөсүнө тоскоолдук жаратып жатабыз. Азыр аны кыргызча үйрөтүп отурганча, андан көрө кыргызга кызмат кылдырсак кантет. Жарма патриот болуунун да чеги бар эмеспи. Кыргызча түш жоругандар эле кыйратып жатабы эмне? Новиков акырындап кыргызча деле сүйлөп калаар. Зайнидин Курманов, Феликс Кулов деген кыргыздарды да өз эне тилинде сүйлөтө албай келебиз…
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ