Menu

Фото – Өзбекстан-Кыргызстан дин өкүлдөрүнүн достук жолугушуусу жемиштүү болду

Бөлүшүү:

Ош шаарына Өзбекстан Республикасынан 26-октябрда келген делегациянын курамындагы дин өкүлдөрүнүн тажрыйба алмашуу достук жолугушуусу жемиштүү болду.  Өзбекстан Республикасынын Министирлер Кабинетинин алдындагы дин иштери боюнча Комитеттин бөлүм башчысы Юлдашев Махаммадбабир Абдурахманович баштаган Анжиян, Наманган, Фергана облустарынын казылары жана тиешелүү диний жетекчилерди кыргыз тараптан  КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков баштаган Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун жана Ош шаарынын казылары коштоп жүрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө атайын уюштурулган айыл чарба продукцияларынын жарманкесине жана Ош шаарынын борбордук аянтында өткөн маданий-майрамдык иш-чарага катышышты. Мындан сырткары Өзгөн районунда жайгашкан дин аалымы Имам-Сарахсийдин күмбөзүн зыярат кылышып, Өзгөн мунарасы менен таанышышты. Кыргызстандагы диний билим берүү тармагын көрсөтүү максатында Өзгөн районунун Мырзаке айылында жайгашкан «Имам Аль-Бухарий» Ислам институтунун окуу процесси тааныштырылып, студенттер тарабынан даярдалган чакан программалык сцена көргөзүлдү.

Андан соң, Сулайман-Тоо борбордук мечитинде Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жетектеген 100дөн дин кызматкерлеринин катышуусунда илимий жолугушуу жыйыны өттү. Жыйында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, мамлекеттер, улуттар аралык достук, диний экстремизмге жана терроризмге каршы чогуу күрөшүү багытында маселелер талкууланды. Жыйынтыгында эки мамлекеттин диний жетекчилери мындан ары түрдүү маселелерди чечүүдө тажрыйба алмашып, биргеликте семинар, конференцияларды уюштурууну макулдашышты. Ошондой эле Ханафий мазхабын өнүктүрүүдө үлгү болгон дин аалымдарынын китептерин пайдаланып, чогуу иш алып барууну сунушташты. Соңунда кийинки жолугушууну Өзбек тарап уюштурмай болду.

osh-kyrgyz-ozbek-zholugushuu3

osh-kyrgyz-ozbek-zholugushuu

osh-kyrgyz-ozbek-zholugushuu4

osh-kyrgyz-ozbek-zholugushuu5

osh-kyrgyz-ozbek-zholugushuu6

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: