Menu

Мамлекет башчысын сындагандарга жакында чара көрүлөрү кыйытылды

Бөлүшүү:

Жакында эле КСДП партиясынан мандат алган И.Карамушкина депутаттык антын кыргыз тилинде окуп берип, баарыбызды кубандырган болчу. Бирок бул айым парламент комитетинин өткөн жумадагы жыйынында акыркы кезде социалдык тармактарда, ММКларда жана башка саясый иш-чараларда президент А.Атамбаевди ашкере, негизсиз сындагандар көп болуп жаткандыгын билдирди.

Ал мындай пикирин болгондо да УКМКнын тиешелүү жетекчилерине айтып, “ээнооздорго” чара көрүү зарылдыгын талап кылды. Аталган коопсуздук органынын өкүлү мамлекет башчысын ашкере сындагандар боюнча иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалады. Демек, жакын арада президенттин дарегине ашыкча сын айткандарга чара көрүлөт окшойт. Ооба, мамлекеттик символдордун катарында турган президентти баарыбыз сыйлашыбыз керек. Бирок сөз эркиндиги, демократия, плюрализм менен дүйнөгө таанылган өлкөбүздө мамлекет башчысын сындоо деле көнүмүш көрүнүш болуп калбадыбы. Баарынан да кыргыз элинин башына “кара муш” болгон ушул И.Карамушкина айым башка маселе түгөнүп калгансып,  мынча чырылдайт? Чындыгында азыр президент баш болуп, далай жетекчилердин сын эмес, андан да каттуу жеме уга турган жөнү бар.

Булак: “Майдан. Kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: