Өмүрбек Текебаев бир буту менен бийликте, бир буту менен оппозицияда болуп, “эки тоонун чөбүн эңсеген эчкидей” катуу талтайды эле, бирок өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев айткандай “талтайып көпкө туруу” мүмкүн эмес экен. Коалициядан четке сүрүлүп, короо сыртына ыргытылды. Текебаевдин жеке керт башынын мүдөөсүн көздөгөн өзүмчүлдүгүнүн кесепетин бүтүндөй ”Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү тартышты. Тактап айтканда, Өмүрбек Текебаев жеке кызыкчылыгынан чыккан ич күптү таарынычын мамлекеттик көйгөйгө айлантып, партиялаштарын “курмандыкка чалды”. Чалганы ошол, бир тобу кызматтан айдалды. Жалгыз Текебаевдин кесири далайдын шорун кайнатты. Мына акыркылардан болуп, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп иштеген Нурбек Сыдыгалиев кызматтан алынды. Эми жалгыз Маданият министри Түгөлбай Казаковдун орун басары Фархат Бекмамбетов эле калды. Бул дагы жакында жалаң таластыктар министрликти ээлеп алышты деген жүйө менен кызматтан алынганы турат. Ошентип бир Текебаев бүтүндөй партиялаштарынын шоруна калды.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ