Menu

Кыттай уюбай, кумдай чачылган коалиция…

Бөлүшүү:

“Кыргызстан Орто Азиядагы парламентаризмдин көч башында”, “Кыргызстан нукура демократиянын принциптерин карманат”, “Парламенттик башкаруу чыныгы- элдик башкаруу” жана башка, жана башка деп канчалык ооз толтуруп мактанбайлы, өлкөдө парламентаризм үч бутунан тушалган аттай жолду арбытпай, аксап  ара жолдо турат. Буга себеп болуп биздеги саясатчылардын ашкере амбициялары жана саясий чайкоочулукка жедеп кыныгып алгандыгы себеп болууда. Айталы, 2009-жылы эле “Бакиев чөнтөк парламент, үй-бүлөлүк бийлик түзүп алды” деп төңкөрүш жасап  парламенттик башкаруу системасын кийирген 2010-жылдын күзүнөн тартып эле, алты жылда жети коалиция түзүп, алты өкмөттү ала салдырып тындык. “Өткөнгө кайрылбаган, келечегин көрө албайт” демекчи, биз бүгүн ушул коалициянын тарыхын кыскача тактай кетсек…

Иш башы “ит” болгондо…

Алгач 2010-жылдын октябрындагы Жогорку Кеңешке өткөн шайлоодо, “КСДП”, “Ата-Журт”, “Республика”, “Ата Мекен”, “Ар-Намыс” партиялары парламентке өтүп келип, ошол жылдын ноябрында алгач “КСДП”, “Ата Мекен”, “Республика” партиялары коалициялык келишимге кол коюшкан. Ага ылайык өкмөт башчылыкка Алмазбек Атамбаев, анын биринчи орун басарлыгына Өмүрбек Бабанов, парламент төрагалыгына Өмүрбек Текебаев келип, мамлекеттик бардык структуралар майда-чүйдөсүнө чейин үч партияга устукандалмак. Бирок  парламенттеги добуш берүүгө келгенде коалициядагылардын айрымдары ойноп кетип, Өмүрбек Текебаевге депутаттардын 58и “макул”, 59у “каршы” добуш берип, 1 бюллетень жараксыз деп табылат дагы, оюн жыдыйт. Убактылуу өкмөттүн президенти Роза Отунбаева кайрадан фракциялар менен кеңешүү өткөрүп баштайт.

“Реваншисттердин” жеңиши

Ошону менен коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, натыйжада кайрадан эле КСДП, “Республика” жана “Ата-Журт”  фракцияларынын ортосунда макулдашуу орун алат. Чындыгында,  башында Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев баштаган “Ата-Журт” партиясынын көбүн Курманбек Бакиев менен жакын болгондор түзгөндүктөн, ошондой эле жок жерден чыга калган Өмүрбек Бабановдун “Республика” партиясынын көбүн да мурдагы чиновниктер менен өңчөй капчыктуу олигархтар ээлеп отургандыктан, буларды шарттуу түрдө коомчулук “реваншисттер” деп атачу. Ошентип ноябрь айында революционер КСДП айла жок “реваншисттерге” башын байлап, парламентке А.Келдибеков төрага болуп, өкмөт башчылык А.Атамбаевге, вице-премьерлик Ө.Бабановго тиет. “Ата Мекен” менен “Ар-Намыс” фракциялары татыктуу оппозициялык орунду ээлейт.

Бирок бул коалиция бир жашка толуп там-туң басып калган маалда кайрадан урап түшөт. Ага “Ата Мекен” фракциясынын төрага А. Келдибековдун артыкбаш чыгымдарга жол бергенин айтып чыкканы шылтоо, КСДПнын альянстан “айрым маселелер боюнча тил табыша албадык” деп чыгып кетиши себеп болот…

Аргымактан  “ала салдыруу”…

2011-жылдын декабры, ал кезде А.Атамбаев президент болуп шайланган кези, парламентте 3-жолу коалиция куроо процесси жүрүп, эми мурдагыдан туруктуу болот деген ишеним менен “КСДП”, “Ар-Намыс”, “Ата Мекен”, “Республика” фракциялары көпчүлүк альянсты түзөт да, Ө.Бабанов өкмөт башчы, Асилбек Жээнбеков төрага болуп министрлер кабинети төрт партияга тең энчиленет.

Аттиң, ал коалиция деле жашабай жатып жайрап, Өмүрбек Текебаев болгону 8 айга жетпеген убакта кызматынан кол жууйт.  Буга баягы эле коррупция дегенде куйкасы курушкан “Ата Мекен” фракциясынын Ө. Бабановду коррупцияга катышы бар деп шектенип, тагыраагы “Эл аралык “Манас”  аба майданындагы авиа навигациялык мунаранын курулушун өкмөт башчы атайылап түрк компаниясына берип, ал үчүн баасы кымбат таза кандуу тулпарды пара катары алган” деген айгактан улам Ф.Кулов да “атамекенчилерди” колдоп, эки фракция коалициядан чыга качат. Бүттү, үчүнчү коалиция кыйрап жатып калды…

“Дирижердун дирекция маршы!”

Кызык мындан кийин болду. Бул жолу КСДП, “Ар-Намыс”, “Ата Мекен” фракциялары чындап “реваншистери” жок коалиция курап көрүштү. Анда КСДПга жан тарткан эски чиновник Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт башчылыкка, Асилбек Жээнбеков болсо мурдагыдай эле төрагалыкка калып, вицеликке “атамекенчил”  Жоомарт Оторбаев шайланат. Бул 2012-жылдын сентябрь айынын башы эле.

Ооба, бул жолу коалиция мурдагыдан көбүрөөк “жашады”. Бирок  2014-жылдын ала шалбырт  март айында Ж.Сатыбалдиевдин башынан кара булут айланды. Ал жолу деле баягы жөн жатпаган “Ата Мекен” фракциясы 2010-жылдагы Ош окуяларынан кийин Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын аткарган иштерин парламентте көтөрүп чыгып, чырагына май тамган “Ата-Журт” менен “Республика” аны андан ары коштоп, акыры өкмөт башчы отставкага кетип “кутулду”.

Акыры баары бир “Ата Мекен”…

Ошентип  2014-жылы Жантөрө Сатыбалдиев кызматынан кеткени менен коалициялык көпчүлүк сөз жүзүндө тараган болуп, бирок  иш жүзүндө мурдагыдай эле ынтымакташууну улантып, кайрадан коалиция “түздүк” болду да, бул жолу өкмөт башчылык орун “Ата Мекен” фракциясына тийип, мурдагы орун басар өкмөт Жоомарт Оторбаев премьер-министрлик кызматка отурду. Өмүрбек Текебаев анын талапкерлиги каралып жаткан маалда “Өкмөттөгү эң оптималдуу талапкер, “Кумтөр”  маселесин бир чечсе ушул чечет” сыңары аябай мактоого алды. Чындап эле ал жакшы иштедиби, жокпу, айтор парламенттин 5-чакырылыш мөөнөтүн бүтүп, 6-чакырылыш келгенге чейин ал ордун сактап отурду.  Бирок  ал арада анын “Кумтөр” маселесин чечүү аракетинен майнап чыкпай, тескерисинче өкмөт башчыны “Центерранын” акционерлерин Кыргыз өкмөтү менен ыкташтырып жиберебиз деген лорддор менен сүйлөшүп жибергени үчүн айыптап жиберишти. Ошондо Жоомарт Кайыпов өз арызы менен кызматынан баш тартып, убактылуу милдетин аткарып турмак болду…

6-чакырылыш, 6-коалиция!

2015-жылдын октябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, бул жолу КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү”, “Бир Бол”, “Республика – Ата-Журт”, “Ата Мекен” партиялары парламенттен жай табышат. Алты фракциянын ичинен коалициялык көпчүлүктү КСДП, “Кыргызстан”, “Ата Мекен”, “Өнүгүү” фракциялары түзүп, өкмөт башчылыкка макулдашылган нейтралитет талапкер катары Темир Сариевди дайындашат. Төрага Асилбек Жээнбеков “түшпөс хан” катары  төрагалыкта калат.

Бирок  коалиция бул чакырылышта деле туруктуу боло койгон жок, 2015-жылдын ноябрында шайланган Темир Сариев бир жылга  жетпей, 2016-жылдын апрелинде кызматынан кетүүгө аргасыз болду. Бул жолу оюнду “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев баштап, ал өкмөт башчыны Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча мамлекеттик тендер мыйзам бузуулар менен өтүп, коррупция менен коштолгонун айтып чыгып, ошону менен коалиция бузулуп  өкмөт отставкага кетти…

Өз арасындагы “өгөйлөшүү”

Ал ал болду, андан кийин коалициялык көпчүлүктү баягылар эле түзүп, бул жолу Оштун мурдагы губернатору Сооронбай Жээнбековду өкмөт башчылыкка, анын иниси Асилбек Жээнбековдун орду, төрагалыкты КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбековго беришти. “Кыргызстан”, “Өнүгүү”, “Ата Мекен” фракциялары анча-мынча министрликтерге каниет кылып жөн болду. Бул 2016-жылдын май айларынын башы эле.

Бирок ушуну менен эле коалиция бузулгус болуп көпкө жашаса кана?! Тилекке каршы, андай болбоду. Парламенттеги коалиция мүчөлөрү “КСДП”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү”, оппозициялык блоктогу “Республика- Ата-Журт”, “Бир Бол” фракцияларынын лидерлеринин демилгеси менен Конституцияга референдум аркылуу өзгөртүү кийирүү демилгеси көтөрүлүп, ага каршыккан “Ата Мекен” фракциясы саясий майданды баштап жиберди. Жыйынтыгында коалицияда туруп абысын айтышка түшкөн КСДП менен “Ата Мекен” такыр тил табыша албаганда, КСДП 2016-жылдын 25-октябрында коалициядан чыкканын жарыялап, ошону менен алты жылдагы 7-коалиция кум сепилдей урап түштү.

Кыскасы  кыргыз парламенти дүйнөгө өзүнүн өзгөчө оюнкарактыгы менен таанымал болуп калды окшойт. Тилекке каршы, улам коалиция түзүп урата бергенден өлкөдө экономикалык-социалдык абал оорлоп, алга жылуулар эмес, артка кетүүлөр гана байкалып турду. Коалицияны таратууга негиз болгон өкмөт башчыларды же төрагаларды айыптоолор аягына чыгып, чындап эле коррупцияга малынганы үчүн бир дагы жан жоопкерчиликке тартылган жок. Аргымак “операциясы”  боюнча кылмыш иши ачылган жок, “Ош-Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы” боюнча козголгон иш жабылды, парламенттеги “миллион сомдук дөңгөлөктөр” боюнча Ахмат Келдибековго расмий айып угузулган жок, Темир Сариевдин Кытай компаниясынан 6 млн. доллар пара алганы далилденбеди, далилдөөгө да эч ким кызыкпады…

Тынчтык Алтымышев, атайын кеп укпаган кежир саясатчылар  силер үчүн…

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: