Menu

«Баш мыйзамдын түп нускасын кайтарып бер»

Бөлүшүү:

Кыргыз саясатында кызык эле жагдай орун алып жатат. Баш мыйзам өзгөртүүнүн айынан көпчүлүк коалициянын курамындагы фракциялар тил табыша алышпай коалиция тарады. Ал ортодо дагы деле 2010-жылдагы Конституциянын нускасы табылбай, издөө салынып жаткан кез.

Бул жагдайды социалдык тармактарда «2010-жылы үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз, издөө салабыз» дешип келекеге кылып, шылдың кылгандар көбөйдү. Жогорку Кеңеш болсо бүгүнкү күнгө дейре пленардык жыйын сайын Конституцияны таптыңарбы деген маселеге кайрылышып, бир сыйра кыжылдашып алышмайын көксөөлөрү тарабай турган болушту. Мындай кажы-кужуга ачуусу келген эл өкүлү Рыскелди Момбеков Конституциянын жоголгонун ар кимден сурабай эле, «баласы бары-жогун атасынан» сурайлы деп, маселени кабыргасынан койду.

Ал эми президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев «Баш мыйзамдын түп нускасын кайтарып бер» деп түз эле Өмүрбек Текебаевге кайрылды. Бул туурасында: “Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн колу коюлган баш мыйзамдын нускасын Өмүрбек Текебаев мамлекетке кайтарып бериши керек, ал мамлекеттик иш кагаздардын бир болуп саналат. «Ата Мекендин» лидери аталган нусканы көтөрүп чыкканын баарыбыз билебиз, эми ошол нусканы дагы бериш керек», – деп билдирди.

Чындыгында издеп таппай жатышкан баш мыйзамды Конституцияга каршылар тегерек стол өткөргөндө дал ошол жерде Текебаев көтөрүп чаап, элге-журтка жарыялап жаткан. Демек тиешелүү укук коргоо органдары бул жагдайды тыкыр иликтөөгө алып, укуктук баа бериши керек. Кайдагы баш мыйзамды көтөрүп жүргөн, эмнеге ал президенттик аппаратта эмес, Текебаевдин колуна жүрөт деген өңдүү толгон-токой суроолорго жооп алынышы кажет.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: