Пакистандын ички иштер министри Чоудри Нисар Алихан ал аял болгондуктан жеңилдиктер болушу керектигин билдирди. «Менимче, биз ага жеңилдик кылышыбыз керек, анткени ал аял жана биз абалга гуманитардык көз караш менен карашыбыз керек», — деди ал.
Ошол эле маалда министр аялга тагылган айыптар алынбай турганын белгиледи. «Биз аны депортациялап же ага убактылуу виза бере албайбыз — андай болсо биз ага жасалма документтерди берген бардык мамлекеттик кызматкерлердин иштерин жабышыбыз керек болот, бирок биз андай кыла албайбыз», — деп билдирди министр.
Пакистан бийлиги «ооган кызы» Шарбат Гуланы жасалма күбөлүк пайдалангандыгы үчүн камакка алган.
Гула 1985-жылдын жайында Пешавардагы ооган качкындарынын лагеринде тартылган репортаж “National Geographic” журналына басылып чыккандан кийин белгилүү болуп калган. Гуланын үй-бүлөсү жашаган Ооганстандагы Пуштун кыштагы советтик аба соккулардын бутасына айланып, анын ата-энеси каза болгон. Анын сүрөтү советтик аскерлердин Ооганстандагы операцияларынын жүрүшүндөгү качкындардын азап чегүүсүнүн символу болуп калган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ