Тажикстанда акын Шоираи Рахимжон жана дагы төрт элдик ырчы Нью-Йорктогу «Шашмаком» фестивалына чакыруу алды. Иш-чара белгилүү макомист Нериё Аминовдун 100 жылдыгына арналат.
Фестивалга Абдурашид Абдувалиев, Ситораи Кароматулло, Гулчехра Курбоноваи жана Шоираи Рахимджон барат.
Тажикстандан чыккан бухаралык еврей Нериё Аминовдун 100 жылдыгы быйыл майда Дүйшөмбүдө өкмөттүк деңгээлде белгиленген.
Нериё Аминов ар кыл өлкөнүн чыгармачыл жамааттарында аткаруучу болгон. Өткөн кылымдын 90-жылдары Тажикстанда тынч эмес абал өкүм сүрүп турганда Америкага жер которуп кеткен. Чыгармачылыгын ошол жакта уланткан. Анын жакындары Нью-Йоркто жашайт. Аминовдун атында мектеп ачылган, ал жерде 200дөн ашуун жаш америкалыктарга тажик тилинде «Шашмакомдон» сабак берилет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ