Menu

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Наркыз Шералиеванын кызына байланыштуу окуяны жеке көзөмөлүнө алды

Бөлүшүү:

КРнын вице-премьер-министри Максат Мамытканов Ош облусунун тургуну Наркыз Шералиеванын кызына байланыштуу окуяны жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Белгилесек, вице-премьер-министр Максат Мамыткановдун катышуусунда өткөн КРнын президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун уюштуруу боюнча Республикалык штабдын Ош жана Жалал-Абад облустарындагы көчмө жыйынында Ош облусунун тургуну Наркыз Шералиева кызынын жол кырсыгына учурап, олуттуу жаракаттарды алып, майып болгондугуна күнөөкөр жактарга карата жергиликтүү бийлик органдарынын аракетсиздигине карата нааразычылыгын билдирди.

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Наркыз Шералиеваны кунт коюп угуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимовго аталган иш боюнча маалыматты ыкчам сунуштоосун тапшырды.

Вице-премьер-министр белгилегендей, аткаруу бийлик органдарынын аракетсиздиги көпчүлүк учурда акыйкаттык издөөгө аргасыз болгон жөнөкөй жарандардын нааразычылыгын жана даттанууларын жаратат.

«Бул маселе боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Ал эми күнөөлүү жактар аныкталса, алар тиешелүү жазасын алышы керек. Мен бул ишти жеке көзөмөлүмө алам. Мыйзам бузулган учурда эч кандай чара көрүлбөгөнү – бул жол берилгис нерсе», – деп белгиледи Максат Мамытканов.

Белгилей кетүүчү жагдай, кызматтык иликтөө башталды, укук коргоо органдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине бир катар тапшырмалар берилди. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: