Menu

Равшан Жээнбеков, экс-депутат: “Атамбаев толугу менен Бакиевдин жолуна түшүп, шапкесин кийди”

Бөлүшүү:

Белгилүү оппозициялык ишмер Равшан Жээнбеков менен маек

– Равшан мырза, бир канча күндөн бери Конституциянын түп нускасы жоголуп кеткенин айтып жатышат. Эми түп нускасы жок болсо Конституция кантип  өзгөрөт?

– Конституциянын түп нускасы бар. Анын түп нускасын Конституцияны жазган адамдардын бири катары Текебаев Конституция боюнча өткөн талкууда,  тегерек үстөлдөрдө алып келип, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн койгон колун көрсөтүп жүрчү. Ошондуктан, түп нускасы жоголгон эмес. Экинчиден, жоголду десек да болот. Себеби, дүйнө жүзүндөгү практиканы эске алсак, Конституциянын түп нускасы Текебаевде эмес, мамлекеттин официалдуу органдарында сакталышы керек. Башкача айтканда, Конституция иштеп чыккан адамдын эмес, мамлекеттин колунда болушу керек. Бул жагынан алганда бийлик мамлекетти башаламан, будуң-чаң башкарганын  жоголду делген Конституция  көрсөтүп койду.

– Жаңы кызматка киришип жаткандар антты Конституциянын түп нускасына кол коюп береби же  Конституциянын көчүрмөсүнө колдорун коёбу?

– Кызматка киришип жаткандар ант берген Конституция атайылап кооздолуп, мамлекеттин  герби менен мамлекеттеги өзгөчөлүктөрдүн барын камтыган, желектин өңүндөй болгон официалдуу Конституция болот. Ал Конституциянын түп нускасы эмес, көчүрмөсү болот.

– Эгер түп нускасы Текебаевде болсо, анда эмнеге “ата-мекенчи” Аида Салянова менен Алманбет Шыкмаматовдор парламентте  “Конституциянын түп нускасы жоголду” деген маселе көтөрүп жатышат?

– Алардын ал маселени неге көтөрүп жатканын чыны менен билбейм. Бирок, жогоруда айткандай көп жолу тегерек үстөлдөрдө Конституциянын түп нускасы Текебаевде экенин көргөм. “Оригиналы менде” деп өзү да айтып жүрөт.

– Мындан ары президент референдум жасап, Конституцияны алмаштырууга барышы мүмкүнбү же ал кадамынан артка кайтабы? Анткени, Конституцияны өзгөртүүгө демилгечи болду деген фракция лидерлери да оюндан чыгып, Конституцияны өзгөртүүгө президенттик аппарат гана кызыкдар болуп калганы  байкалып калды го?

– Мамлекетте коалиция урап, кайра курулганы, Конституциянын өзгөргөнүнөн  маселе чечилбейт. Карапайым калктын турмушунда жакырчылык кандай уланып жатса, ошол бойдон улана берет. Саясаттагы кризистер, чатактар токтобойт. Анткени, биздин тарыхыбызда 9-жолу референдум өтүп, 11-жолу Конституция өзгөргөнү жатат. Буга чейинки деле референдумдардан кийин Конституция өзгөрүп, мамлекетте маанилүү өсүш болгон эмес. Анткени, алар бийликтеги адамдардын гана кызыкчылыгына ылайыкталып жасалып келген референдумдар жана конституциялар. Ошондуктан, бийлик тарабынан  кандай гана чечим кабыл алынбасын мамлекетти, өлкөнү кандайдыр бир позитивдүүлүккө бурат деп ишенбешибиз керек. Ал болбогон нерсе. Ошон үчүн бизди күтүп турган кыйынчылыктарга даяр болушубуз керек. Азыркы күндө референдум өткөн күндө дагы саясый абал оорлойт. Анткени, ага экономикалык, социалдык,  геосаясый,  эл аралык абал далил болуп берет. Кризистин көрсөткүчү катары коалицияны Социал-демократтар өздөрү курап алып, өздөрү бузганын  карасак болот. Бул жагдайдын баары жыргаганыбыздан эмес, чоң кризиске кептелип жатканыбыздын далили. Ошондуктан, референдум өтсө да, Конституция өзгөрсө да мурдагы эле абал кала берип, саясый араздашуулар мындан ары да оорлоп күчөй берет.

– “Ашуудан ат алмаштырбайт” дейт кыргызда. Бийликтегилердин акыркы кездеги аракеттери Кыргызстанды саясый кризиске ого бетер  кептеп койбойбу?

– Эми президенттин кетер күнү күндөн-күнгө жакындап келе жатат. Президент кетип жатканда “кызматтан кантип кетем?”- деген эле маселе эмес, “кеткенден кийин коопсуздугум кандай болот?”- деген маселе менен да баш оорутат. Ошондой эле 6 жылдын ичинде топтогон байлыгын кантип сактап калуу керектиги да ойго салат. Мына ушунун баарын ойлоп, президент колунан келишинче бийликтен кетпегенге аракет кылат. Бийликтен кеткенге аргасыз болуп калса,  жакын адамын ордуна калтырып кетүүгө жанталашат. Ошон үчүн бүгүнкү күндө социалдык, экономикалык маселелерди чечип, мамлекетте маанилүү реформа жасагандын ордуна – өзүнүн гана бийлигин сактап калуунун айласын издеп, Конституцияны өзгөртүүгө аракет кылып жатат.

– Коалиция тарады. Коалицияны бу жолу башка  партиялар эмес, бийликтин партиясы бузууга аргасыз болгонун кандай кабыл алдыңыз?

– Чындап эле таңгалыштуу жагдай жаралды. Себеби, СДПК 5 жылда 6 өкмөт дайындап,  6 коалиция түзгөн. Бирок, өкмөт алмашып, 6 жолу коалиция түзүлсө да, мамлекетте эч кандай маанилүү социалдык-экономикалык, саясый өзгөрүүлөр болгон эмес. Айлалары кетип, не кыларын билбей калгансып акыркысында өздөрү түзгөн коалициядан   башкаларды эмес, өздөрү биринчи болуп чыгып алганы таң калыштуу болуп жатат. Анткени, башка фракцияларга алы жетпей калгансып, өздөрүнүн чыгып жатканы кызык көрүнүш болду.

– Жаңы коалиция “Республика-Ата Журт”, КСДП, “Кыргызстан” деген партиялардын ортолорунда түзүлөрү айтылып жатат. Бирок, Канат Исаев менен Бабановдун элдешкис душмандардай мамилеси бар экенин айткандар бар. Коалиция түзүүдө жеке таарынычтар эске алынабы же ал нерселерге көз жумулуп, эстен чыгып калабы?

– Парламентте 6 партия отурганы менен  “Ата Мекенден” башка фракциялардын баары кандайдыр бир деңгээлде  КСДПнын уландысы, бөлүгү болуп эсептелет. “Республика- Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү”, “Бир Болдун” баары бийликке кызмат кылган партиялар. Ошондуктан, коалиция түзүүдө алардын ичинде кайсы бир саясатчылардын мамилеси начарлыгы мааниге ээ болбой калат. Бүгүнкү күндө бизде бир гана саясый оюнчу, бир гана саясый чечим кабыл ала турган адам бар. Ал президент. Ал кандай чечим кабыл алса, ошол нерсе болот. Ал карамагындагы саясатчылардын бири-бирине жагар жакпасына, мамилелери жакшы, жаманына карабайт. Ошон үчүн  чечим кабыл ала турган адамдын кызыкчылыгына “баары коалицияга кириш керек” деген ой туура келсе, бардыгы коалицияга кирүүгө мажбур болот. Аларды керек болсо, күч менен да киргизип коюшат.

КСДП коалициядан чыкканынын жөндүү себебин айтпаганын, өкмөт отчёт бере электе тарап кеткенин Текебаев айтты. Бирок, Иса Өмүркулов пикир келишпеген жагдай ушундай кадамга барууга аргасыз кылганын жар салды.  Кимисине ынансак болот?

– Бул жерден баарыбызга таң калтырган абал жаралса да  социал-демократтар болгонун болгондой айтышты. Айтайын дегеним, акыркы убакта “Ата Мекен” менен бир коалицияда болгонго, бир дасторконго отурууга мүмкүнчүлүк болбогонун айтып жатышат. Ошондой эле президенттин дарегине айтылган коррупциялык маселелер, Максимдин жеринин басып алганы, президенттин тегерегиндеги адамдардын 5 жылдын ичинде аябай байыганын “Ата Мекен” партиясынын лидери Текебаевдин айтышы Социал-демократтар үчүн муздак суу чачкандай эле болуптур. Ошондуктан, бир дасторкондо өздөрүнүн саясый душмандары менен отурган  ылайыксыз болгону үчүн өздөрү түзгөн  коалицияны өздөрү бузууга аргасыз болуптур. Менин оюмча, Социал-демократтар чынын айтып, болгонун мойнуна алып жатышат. Анткени, “Ата Мекен” партиясы  койгон күнөө боюнча жетерлик актана алган жок. Канча актанышса да коррупциялашкан партия, коррупциялашкан бийлик, коррупциялашкан адамдар деген  коомдук пикир жаралып  калды.

– Жаңы коалиция кимди премьер-министр кылышы мүмкүн? Бу жолу Бабановго ийгилик жылмайбайбы?

– Азырынча Бабановго ийгилик жылмайбайт. Анткени, азыркы күндө президенттин айтканынан чыкпаган, анын кареги менен тең айланган, көзүн карап кошомат кылган,  амбициясы азыраак адам премьер-министр болот. Ал адамдын аты да белгилүү. Ал Сооронбай Жээнбеков. Ал  Атамбаевдин жана анын тегерегиндеги адамдардын да кызыкчылыгына толугу менен жооп берет. Ошон үчүн ал кайрадан премьер-министр болот. Ал эми жазында кандай абал болот? Ал мезгилде ким премьер-министр болот, ал башка маселе. Себеби, жазында премьер-министр болгон адамдын келечекте президенттикке аттанышка шарт түзүлөт.

Бабанов жакынкы мезгилде КСДПны сызга отургузушу мүмкүнбү? Айрымдар ал так ошол миссияны аткаруунун аракетин көрүп жүрүшөт деп жатышат го?

– Эми антип айтыш кыйын. Анткени, бүгүнкү күндө каалайбызбы, каалабайбызбы бийликтин таасирдүү рычактары бар. Бийлик толугу менен президенттин колунда. Ошон үчүн социал-демократтарды кайсы бир саясатчы сызга отургузат деген реалдуу эмес. Социал-демократтарга жана  президентке азыркы күндө каршы чыга тургандар аз. Айтайын дегеним, парламенттеги фракция лидерлери президентке  каршы чыгыш үчүн  тез аранын ичинде социалдык абал курчуп, эл көчөгө чыгып кетиши керек. Ошондо гана коркок кошоматчы фракциялардын лидерлери президентке каршы чыгып, берки жээкке өтө качышат. Ага чейин Текебаевден башка эч кимиси каршы чыга албайт. Анткени, парламентте баш көтөрүп, президентке каршы чыга турган фигура жалгыз гана Текебаев. Мурда биз болчубуз .

– Текебаев үчүн коалиция бузулду. Муну менен президент мурдагы үзөнгүлөштөрүнөн биротоло кол үздүбү?

– Бүгүнкү күндө Атамбаев мурдагы пикирлештери, башкача айтканда, революцияны чогуу жасаган адамдарынын баарынан кутулду. Атамбаев толугу менен Бакиевдин жолуна түшүп, шапкесин кийди. Анткени, Атамбаевдин тегерегинде бир канча жыл үзөнгүлөш болгон пикирлеш адамдары калган жок. Азыр жакын эсептелген Бакиевдин адамдары калды. Башкача айтканда, Бакиевдин министрлери, Бакиевдин вице-премьер министрлери, Бакиевдин акимдери, Бакиевдин депутаттары толугу менен Атамбаевдин кадрына айланды. Ошондуктан, Атамбаев Бакиевдин шапкесин кийип, анын саясатын уланткан президент болуп калды.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: