Бүгүн, 2016-жылдын 31-октябрда Ош мамлекеттик университетинин теология фаукльтетинде Ош облусунун имамдары үчүн окуу семинары башталды. Бул семинар “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан “Дин кызматкерлеринин потенциалын жана билим деңгээлин жогорулатуу” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.
Окуу курсуна Ош облусунун 7 районунан келген 150гө жакын мечит имамдары катышууда. Окуу курсунун ачылышына КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, “Ыйман” фондунун имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча координатору Жолдошов Муртаза, Ош шаардык казыятынын өкүлү Мырза кары Осмонов жана “Ыйман” фондунун түштүк аймактык координатору Айбек Султан уулу катышып, имамдарды илим алууда жоопкерчиликтүү болуп, изденүү жана талап кылуу менен окууга чакырышты.
Ал эми “Ыйман” фондунун имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча координатору Муртаза Жолдошов учурдагы окуу курсунун өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, окуунун убактысы мурда 12 күн болсо, учурда 6 күнгө кыскарганын белгиледи. Мунун себеби катары, айрым предметтер кыскартылып, Имамдарга зарыл болгон акыйда, хадис, Фихк, пайгамбарлар тарыхы, Кыргыз маданияты жана дин сабактарына басым жасалаарын билдирди.
Эскерте кетсек, Ыйман фонду буга чейин да Ош облусунун имамдары үчүн 2016-жылдын январь, июль айларында эки ирет окуу курсун уюштурган болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ