Menu

Токтогул Какчекеев, саясат таануучу: “Бабанов жаңы нуктагы капиталисттик доордун ички дүйнөсүн билген адам”

Бөлүшүү:

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев менен бу сапар ураган коалиция, түп нускасы жоголгон Конституция боюнча ой бөлүштүк.

– Токтогул мырза, ураган  коалиция  кайсыл партиялардын курамында түзүлүшү мүмкүн?

– Негизи кайсы партиялар коалицияга кирет, кайсы партиялар коалицияга кирбейт, аны парламенттеги фракциялар чечет. Бирок биз коалиция түзүүдө шашпашыбыз керек. Президент жарлык чыгарып, мандат берген партия 15 күндүн ичинде коалиция түзөт.  Терең ойлонуп, коалицияны саясый кызыкчылыгы төп келген партиялардын ортосунда түзүп, мамлекетти саясый туңгуюкка кептебей турган фракцияларга ишеним артышыбыз керек. Менимче, бу сапар коалиция негизги КСДП, “Республика-Ата Журт” деген  партиянын ортосунда түзүлөт. Үчүнчү партия өз кызыкчылыгы менен кошулат. Ал кайсыл партия болот, аны мезгили келгенде көрөбүз.

– Сиздин оюңузча сүйлөшүү эки гана партиянын  ортосунда болобу?

– Бул жерде сүйлөшүүдөн мурун рационалдык көз караш керек.  Калган маселе ошого жараша чечилет.

– Бирок  көпчүлүк эл   коалиция  КСДП, “Республика-Ата Журт” жана “Кыргызстан” партиясынан куралат  деп боолголоп жатышат го. Эгер коалиция ушул партиялардын курамынан түзүлө турган болсо, коалиция жалаң түндүктүн партияларынан болуп калды деген маселе жаралбайбы?

– Түндүк-түштүк деген сөздү жоготолу деп түштүктүн эли да, түндүктүн эли да маселе көтөрүп, бир канча чечим кабыл алышкан. Бирок кызмат бөлүшөрдө аксакалдар биздин кулундар эмне үчүн мамлекеттик кызматта иштебейт деген сөздү айтып келишет. Ошондуктан бүгүнкү күндө эч качан мамлекеттик кызматтарга  партиялык принцип менен койбош керек деген чечим кабыл алышыбыз керек. Башкача айтканда, ар бир кызматка жалпы республикалык конкурс жарыялап, конкурстан уткан адам каяктык экенине жана партиялык түзүлүшкө карабай келиши керек.

Айтайын дегеним, бүгүнкү күндө парламентте отурган  6 партия тең Конституцияны  окуган жери жок. Конституцияда ар бир жаран шайлаганга жана шайлаганга укуктуу деп жазылган. Ага карабай  бийликке жалаң партия аркылуу келип жатышат. Эгерде  кайсы бир кызматка талапкер инсан мен партияңарга киргим келбейт, бирок  кызматка барышым керек десе, партияга кирбесең ал кызматка бара албайсың десе, укугу бузулуп жатпайбы. Ошондой эле Конституцияда  100, 200 миң же 1000 000 сом же доллар төлөгөндөн кийин  талапкер болосуң деген жазуу  жок да. Булар партиялык системага жамынып алып социалдык теңсиздикти пайда кылып жатышат. Ошон үчүн Конституцияны кескин түрдө өзгөртүп, Атамбаевдин инаугурацияда, Чолпон-Атада сүйлөгөн сөздөрүн камтышыбыз керек.

– Конституцияга Атамбаевдин кайсыл сөздөрүн камтыш керек?

– “Кыргыз мамлекетинин толук эгемендүүлүгүн камсыз кылыш керек” деген сөзүн өзгөртөбүз деген Конституцияга сөзсүз киргизишибиз керек. Анткени  кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүн толук кандуу түптөш керек. Атамбаевдин Конституцияны өзгөртөм деп чамынып жатканынан кооптонбой, тескерисинче колдоого алышыбыз керек. Анткени ал башка президенттердей болуп, дагы бир жолу бийликке келем деп өзгөртүп жаткан жок да. Баламды президент же  премьер-министр кылам деген жок. Атамбаев бир эмес төрт-беш жолу айтты. Мен  мөөнөтүм бүткөндөн кийин кызматтан кетем, тандаган президентин шайлап аласыңар деп. Жакшы сөздөн дагы жамандык издебей президенттин Конституцияны өзгөртөм дегенин колдошубуз керек.

– Сиз президент мамлекетти толук эгемендүү кылыш үчүн Конституцияны өзгөртүүгө аргасыз болуп жатканын айттыңыз, бирок айрым аналитиктер Атамбаев өзү Кыргызстанды Россияга жүгүнгөн мамлекет кылып койду деп сындап жатышат го…

– Кеп анда эмес, ошондуктан бул маселени ишеним жолунда чечишибиз керек. Себеби Атамбаев Россия менен кызматташтыкты бекемдеди. Ал биротоло көз каранды кылып, мамлекеттин эгемендүүлүгүнө доо кетирген жок. Айтайын дегеним, дүйнөнү каптап келе жаткан кыйын кырдаалдан, кризистерден  Россия менен бирге чыгайын, мамлекетти сактап калайын деген таризде аракет кылды. Аны туура түшүнүшүбүз керек.

– Текебаев жазып,  2010-жылы кабыл алган Конституция эмнеси менен жакпай калды?

– Өмүрбек Текебаев жазган Конституция таптакыр жакпайт деп жериген жокмун, бирок оркойгон катачылыктарынын кесепети Кыргызстанга тийип жатат. Башкача айтканда, айрым жерлери Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобой, кыргыз мыйзамдарынан эл аралык уюмдардын чечимин жогору болуп калган жагдайлар бар. Маселен, Текебаев жазган Конституция экономика жагынан “Кумтөргө” терс таасирин тийгизип, алар менен тең ата сүйлөшө албай калдык. Ошондой эле Кыргызстандын соттору 25 жылга кескен Азимжан Аскаровду эл аралык уюмдар кыргыз  соттору чыгарган өкүмүн жокко чыгарып, кайра башынан карап чыккыла деген талап коюп жатышат. Демек, биздин мамлекеттеги үчүнчү бийликти көзгө илбеген жагдай жаралып,  мамлекеттин ички эгемендигине  кол салганга  барабар иш  болуп жатат. Башкасын айтпаганда дагы мына ушундай жагы менен мамлекетке  терс таасирин тийгизип жаткан Конституцияны оңдоп-түзөөгө муктаждык жаралып жатат.

– Конституциянын түп нускасы жоголуп кетсе деле өзгөртө берсе болобу?

– Жоголуп кетти деп оозун ачып отура бербей  милиция, прокуратура, УКМК издеп табышы керек. Президенттин аппаратында иштеген түрдүү бөлүмдүн начальниктери, кызматкерлер да издесин. Жок дегенде Конституцияны таап жеген нандарын актап жеп, 10 барак кагазды жөндөп сактоону үйрөнсүн. Мындан кийин   Конституцияны президенттин аппаратына эмес,  Жогорку Кеңештин имаратына сакташ керек. Анткени ушул Конституцияга  президент кепил эмес. Биз президенттик эмес, парламенттик башкарууда жашап жатабыз. Ошон үчүн сактоочу жай Жогорку Кеңеш болушу керек.

– Кокус Конституциянын түп нускасы табылбай калса, анда бул бийлик легитимсиз болуп калабы?

– Бул ички маселе…  Кандай    болгон күндө да  Конституциянын түп нускасын табышыбыз керек.

– Токтогул мырза, көпчүлүктүн көңүл борборуна айланган коалициядан неге башка партиялар эмес, КСДП өзү  чыга качты?

– Менимче,  КСДП жадагандай түр көрсөтүп, коалицияны бузууга аргасыз болду окшойт.

– Бүгүнкү күндө КСДП менен “Республика-Ата Журт” партиясы бири-бирине шайкеш келген, бири-бирин толуктаган партияларбы?

– Жок, КСДП менен “Республика-Ата Журт” партиясы  позициясына жараша бири-бирине шайкеш келбесе, түзүлүшү жагынан  КСДП “Ата Мекен”  партиясына жакын. Айтайын дегеним, эки партия тең социалисттик партия,  башкача айтканда, булардын идеологиясы социалдык абалды жакшыртыш. Иш жүзүндө айткандарын  аткарып,  чарбалык инфраструктуралардын ролун көтөрүп, турмушту оңдоо. Булар  болсо социалисттик партия деген ураандын алдында түзүлүшкөнү менен  эч кандай социалисттик маселе көтөрүшкөн  жок. Анткени биздин партиялар үй-бүлөнүн, жердешчиликтин жана региондун негизинде түзүлгөн. Ошондуктан идеологиясына эмес, саясый кырдаалга жараша иш алып барышат.

– Коалицияга кирген фракциялардан кимди премьер-министрликке көрсөтсө Кыргызстан үчүн утуш болот?

– Бүгүнкү күндө Кыргызстанда чарбачылыкка дасыккан, эл аралык деңгээлде иштеген эки-үч эле адам бар. Анын бири Бабанов. Бабанов жаш дагы, ишти алып кетүүгө жөндөмдүү дагы. Ошон үчүн премьер-министрди дайындоодо  бу жолу регионалдык принципти эмес, мамлекетти саздан чыгарып кете турган жөндөмдүү адамдарга басым коюшубуз керек. Айтайын дегеним, буга чейин регионалдык принципти эске алып, көп учурда өйдө карап сүйлөбөй өз кызматын аткаргандарга басым коюлчу. Азыр андайлардан качып,  чек ара маселесинде эл аралык мамилелерди тактап, маселе чечүүдө тең ата сүйлөшө алган иш билги инсандарга басым коюшубуз керек. Антпесек, регионалдык принцип мамлекеттик механизмди дат бастырып жатат.

– Сиз ишеним артып, мамлекетти саздан чыгарып кетет деген Бабанов жакында КСДПны сызга отургузат дегендер да бар го?

– Антип кооптоно бериштин кажети жок. Анткени азыр сандан сапатка өтө турган мезгил. Бабанов сапаттуу иштесе иштейт, бирок КСДПга көлөкөсүн түшүрөт деп ойлобойм. Ошон үчүн кооптоно бербей, эрте күндү кеч кылбай тандоону туура жүргүзүшүбүз керек. Мен Бабановго басым жасап жатканымдын дагы себеби бар. Айтайын дегеним, биз капиталисттик доордо жашап жатабыз. Бабанов жаңы нуктагы капиталисттик доордун ички дүйнөсүн билген адамдардан. Ошон үчүн ишеним артып жатам.

– Ал мамлекетти өнүктүргүсү келсе эмне үчүн Пензага курган цемент заводду Кыргызстанга курган эмес?

– Бул кур намыстын сөзү болуп жатат. Бүгүнкү күндө Россия берген авиациялык  самолётторду айдаганга учкучтар жок болуп жатканда цемент заводун кантип иштетмек элек. Анткени цемент заводунун технологиясы өтө бийик. Ага Кыргызстанда иштей турган адистер  жок. Биздин эл көбүнчө айыл чарбада иштеп, базарда отурат. Ошол жагын жана адистердин тартыштыгын эске алып  Бабанов цемент заводду Россияга курду. Россияда техника өнүккөн. Алар ракеталарды, космостук кораблдерди да чыгарып жатышат. Аларга цемент заводун иштетүү маселе деле эмес.

Асылкан кызы Перизат

Булак: Асман плюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: