Menu

Анкара: Союздук күчтөрдүн кийинки бутасы Ракка шаары болушу керек

Бөлүшүү:

Ирак «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун карамагындагы Мосул шаарын өз көзөмөлүнө алып, Анкара согушкерлерди чек арасына жакын жерлерден сүрүп чыгаргандан кийин ИМдин Сириядагы башкы таянычы болгон Ракка шаарына чабуул жасоо зарыл. Бул тууралуу 31-октябрда Түркиянын премьер-министринин орун басары Нуман Куртулмуш билдирди.

«Ракка шаарына чабуул жасоо боюнча Түркиянын позициясы белгилүү. Аскердик-стратегиялык жактан алганда ал операцияны Мосулдагы чабуулдар жана түрк армиясынын «Евфрат калканы» операциясы аяктагандан кийин баштоо жакшыраак болмок», — деди түрк премьеринин орун басары.

Өткөн аптада АКШнын коргоо министри Эштон Картер дагы экстремисттердин карамагындагы Ракка шаарына Мосулду алгандан кийин чабуул коюуну колдогон.

Өткөн жумада Ирактагы америкалык жогорку аскер жетекчилердин бири союздук күчтөрдү Раккага жөнөтүү зарылдыгы тууралуу билдирген. Муну ал согушкерлер Батыш күчтөрүнө каршы чабуулдарды жасашы мүмкүн деп түшүндүргөн.

Мосулга чабуул башталгандан бери Ирактын коопсуздук күчтөрү менен күрттөрдүн Пешмерга кыймылынын согушкерлери 31-октябрда алгачкы жолу шаардын чегине жакындашты. Ирактын премьер-министри Хайдер Абади согушкерлерди Мосулду өкмөттүк күчтөргө өткөрүп берүүгө чакырды.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: