Мындан ары Тажикстандын улуттук коопсуздук органдарында өлкөнүн жарандары гана иштей алышат. Парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттары «Тажикстандын улуттук коопсуздук органдары тууралуу» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырды.
Өлкөнүн УКМК төрагасынын биринчи орун басары Мансуржон Умаров парламенттин 2-ноябрдагы жыйынында эми УКМК түзүмдөрүндө иштөөгө Тажикстандын гана жарандары укуктуу экенин билдирди.
Анын айтымында, Юстиция министрлиги тарабынан сунушталган өзгөртүүлөр мамлекеттик сырларды коргоого багытталган. Ага ылайык, улуттук коопсуздук органдарында иштөөнү каалаган өлкө жарандары тажик тилин гана билбестен, жалгыз Тажикстандын гана жарандыгына ээ болушу керек. Кош жарандыгы бар адамдар жумушка алынбайт. Мансуржон Умаров мындай жол менен мамлекеттик сыр болгон маалыматтардын сыртка чыгуусун алдын алууга мүмкүн болот деген ишенимде.
Буга чейин өлкөнүн башка укук коргоо түзүмдөрүндө Тажикстандын жана Орусиянын жарандыгына ээ кош жарандуу адамдар иштеп келишкен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ