Menu

Саламаттык сактоо министри Талант Батыралиевге оңтойсуз суроолор?: Реформаларыңыздан дайын жок го?

Бөлүшүү:

Урматтуу министр!

Сизди коалициялык көпчүлүк эки жыл мурун өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин башына алып келе жатканда тажрыйбалуу менеджер, чет өлкөлөрдө иштеген иш билги жетекчи, уюштуруучу катары сыпаттап, сиз өзүңүз дагы бир топ амбициялуу пландар менен чыккандай болдуңуз эле. Коомчулук болсо, чындап эле ооруканалардагы коррупция, аяк-башы билинбеген кезек күтүүлөр жоюлуп, ишке шалаакы мамиле жасаган дарыгерлер азайып, тармакта чындап эле реформа болот деп күткөн болчу. Тилекке каршы, биз бүгүн мындай өзгөрүүлөрдү  көрө алган жокпуз. А сиз болсо дале болсо чет өлкөлүк абройлуу саламаттыкты сактоо мекемелери менен сүйлөшүү деңгээлинен чыкпай, жаркыраган бир жакшы иштерди жасай албай келе жатасыз.

Ал ортодо жер-жерлерде дале төрөттөн каза тапкандар, жергиликтүү дарыгерлердин шалаакылыгынан улам саламаттыгынан айрылгандар кезигип, айрыкча, бөйрөктүн өтүшкөн оорусунан улам гемодиализ аппаратына жетпей аркы дүйнөгө узагандар кезигүүдө. Ушундан улам, Кыргызстанга заманбап чет өлкөлөрдөгүдөй оорукана куруудан мурун, жок дегенде жер-жерлердеги ооруканаларды билимдүү, тажрыйбалуу дарыгерлер менен толуктап, кадрларды элетке тартуу боюнча аракеттерди көрсөңүз жакшы болот беле?!

Айталы, кечээ Базар-Коргон районун тургуну  Жыргалбек Байдалиев аттуу жаран сизди районго чакырып, “Базар-Коргон райондук ооруканасынын билимин текшерип, алардын ишмердигине көзөмөл салып кетпесеңиз  бул жакта абал такыр эле болбой калды. Райондун калкы ал мекемеге баргандан качып, Ноокен районуна барып көрүнүшүүдө. Келем десеңиз жол киреңизди өзүм төлөп, кой союп берип мейманчылатууну мойнума алат элем” – деп ачык кат жолдогону бул айла кеткендеги арга эмей эмне?!

Демек, эйфориялардан арылып эки жакты карап, иштен жыйынтык чыгарууга мезгил келип жетти да,ыя?

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: