Menu

Замирбек Айдаров, транспорт, жол жана коммуникация министри: “Мурунку өкмөттүн каталарын биз оңдодук”

Бөлүшүү:

Буга чейинки министрлер сымал Замирбек мырза тармакка сырттан таңууланган кадр эмес. Өмүрүн өлкөбүздүн жол куруу, жол чарба жаатына арнаган ишбилги инсан. 40 жылга чамалаган эмгек тажрыйбасынын арты менен министрликке келгендигин сөз арасында айтып отурду. Министр менен тармактагы чеке жылытпаган абал, айрым көйгөйлөр тууралуу маектешип турубуз. Байкап көрүп, каарманыбыздын дараметине баа бериш сизден окурман.

 — Замирбек мырза, тээ ала жазда башталып, министр, өкмөт башчы баштаган бир катар чиновниктердин башын жеген Балыкчы-Корумду унаа жолун куруунун учурдагы абалы кандай болуп жатат? Көчмөндөр оюну бүткөн соң жолдун тагдыры арасат абалда калып, иш ара жолдо токтоп калган жокпу?

— Албетте, Балыкчы-Корумду унаа жолу курулаарда “башында тендер каржы булагы жок туруп, туура эмес өткөрүлгөн” деген сындуу бир катар сын пикирлер айтылбады беле? Учурда бул иштердин айланасындагы күмөндүү жагдайларды укук коргоо органдары текшерип, иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Мен өзүм биздин министрликтин башына үстүбүздөгү жылдын апрель айында оор шарттарда келип калдым. Ошол ирмемдерде дал ушул Балыкчы-Корумду жолу боюнча депутаттардан турган парламенттик комиссия да түзүлүп, жыйынтыгында жумуш эки айга чукул токтоп калды да. Алдыбызда Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнун татыктуу өткөрүү иш-чарасы күтүп турган эле. Мына ошондой шартта өкмөт саясый чечим кабыл алып, урматтуу президентибиз Алмазбек Шаршеновичтин жеке аракети менен каржы булагы табылып, 1 млрд. 500 млн. сом акча каражатын бөлүп беришти. Мурунку өкмөт кетирген каталарды биз оңдодук. Тагыраагы, туристтик сезонду үзгүлтүккө учуратпай, Көчмөндөр оюнун утурлай кыска мөөнөттө жолдун курулушун бүткөрүп алдык. Бул жолдун келечеги бар. Себеби, 104 чакырымды түзгөн жолду мамлекеттик казынадан бөлүнгөн 6 млрд. 800 млн. сомдун арты менен көп урунттуу иштерди аткарабыз деп ойлойм. Көчмөндөр оюну менен туристтик сезон жыйынтыкталганда аталган жолдун тагдыры сен айткандай арабөк абалда калган жери жок. Бүгүнкү күндө дагы иш өз нугунда жылып, жолдун курулушу уланып жатат. Баса белгилөөчү жагдай, 90 күндү түзгөн быйылкы жай мезгилинин 54 күнү жаан-чачын менен коштолду. Боом капчыгайында жолго таш кулап, ушундай көрүнүштөрдүн баардыгы ишке болгон кедергисин тийгизди.

— Бишкек менен “Манас” аба майданын байланыштырган жолду оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча ишиңерге деле “көлөкө түшүп”, сын-пикирлер менен коштолуп жатат го? Бу жагына кандай актануу кыласыз?

— Ысык-Көлдөгү Балыкчы-Корумду жолу кайрадан жаңыдан салынып, толук реконструкциядан өткөрүлсө, Бишкек менен “Манас” аба майданын байланыштырган жол бул сапар капиталдык оңдоп-түзөөдөн гана өткөрүлдү. Туура, бул жол боюнча да “жолдун курулушу туура эмес салынган, анча-мынча брактары бар” деген сыяктуу сын пикирлерди айтып турушту. Мен министрликке келгенге чейин эле Бишкек менен “Манас” аба майданын байланыштырган жолду реконструкциядан өткөрбөстөн, капиталдык оңдоп-түзөөдөн гана өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынган экен. Анткени, эгер биз аталган жолдун курулушун реконструкциялап баштаганыбызда, Көчмөндөр оюнуна болчу иш-чарага дейре курулуш аяктабай калып, меймандар келчү жолубузда бир топ ыңгайсыздыктар жаралмак. Мындай иштерибизди да айрым маселени ичтен билбеген саясатчылар биздин техникалык ишибизге чейин кийлигишип, жамандоого үлгүрүп калышты. А бирок, биз мамлекетке бир тыйын зыян алып келбестен, ал ишибизди оңдодук. Бүгүн заңгыраган абалда турат.

— Биздин Акүй, Көкүйдөгү майда-чоң чиновниктер, депутаттар сиздердин министрликке басым кылуу менен өз региондорундагы, айылдарындагы ички жолдорду сүрдүрүү, асфальттоо сыяктуу иштерди “кол ийрисине таратат” болуп жасатып алмайды өнөкөткө айландырып алышкан. Сиз министр болгону ошондой жоруктар менен чыгып жатышабы?

–Жакшы суроо бердиң. Албетте, суранычтар болбой койбойт экен. Ошол эле депутаттар, аким, губернаторлор кат жазып, кайрылып эле жатышат. Андай кайрылуулардын баардыгын биз мыйзам чегинде гана карайбыз. Маселени жеринде барып көрүп, жолдун абалы, элдин саны сындуу жүйөлөрдү да карайбыз. Негизинен биз адеп айылдардагы ички жолдорду салабыз. Себеби, айылды чаңдан арылтуу үчүн ички жолдорду биринчи асфальттап же куруп алабыз. Андан соң гана айылдарды бириктирген айыл арасындагы жолдорду куруу планын коебуз. Мында да регионалдык балансты сактайбыз. “Баланча депутат, баланча министр бир региондон чыгыптыр” деп каражат менен күчтүн баарын андай региондорго жумшап салбайбыз. Үстүбүздөгү 2016-жылдын бюджети мен министр болуп келгенге чейин эле бекип, алдыдагы аткарылчу иштер титулдук тизмеге кирип калган. Титулдук тизмени оңдоп жибергенге биздин укугубуз жок. Ошондуктан, жыл башында каралып, тизмеге илинип, салына турган объектилер, жолдор ошол боюнча калды. Жогорудагыдай кайрылуулардын баардыгына биз келерки жылдын бюджетин кароодо каражатка жараша көңүл бура турганыбызды айтабыз. Эми андай чиновник, аким-губернаторлордун суранычы деле жөн жеринен эмес да. Ар ким эле өз региондорундагы кем-карчты толтуруп, жолдорун оңдотуп алууну үмүт кылышат. Бирок, баягы эле жетишпеген каржынын айынан баарына бирдей жардам берип, муктаждыкты чечүү мүмкүн эмес да.

— Жакында кытайлык жол куруучу компаниянын жолтандабасын кызматтык унаа катары минип жүргөнүңүз ачыкталды. Бакыйган министр катары өзүңүздүн же болбоду дегенде кызматтык автоунааңызды айдап деле жүрсөңүз болот беле?

— Мен бул кызматка бирөөлөрдүн машинесин минүү же кресло кумарын кууп келген эмесмин. Сөз болуп жаткан жолтандабасты мага чейинки жетекчилер Кытай компаниясы менен келишим түзүп, убактылуу пайдаланып жүрүшкөн экен. Мен кызматка келгенде да кызматтык унаа катары айдап жүрдүк. Ачык айтканда, башында ал машине министрликке таандык деп ойлогом. Пайдаланганда деле мен аны аш-тоюмду өткөрүүгө айдаткан жерим жок. Өлкөбүздөгү жолдордун абалын жеринде көрүү үчүн региондорго каттап турдум. Акыры жолтандабас кытайлык компанияга тийиштүү экенин, министрдин аны минип жүрүүсү туура эместигин айтышты эле “туура эмес болсо мынакей” деп берип койдук. Менин кытайлык машинени минип жүргөнүм боюнча мамлекетке деле зыян келип кеткен жери жок го? Ишенсеңер, биздин килейген министрликтин балансында болгону эки гана унаабыз бар. Анын бири нөөмөттөгү машине болсо, бири министрге тиешелүү.

— Мамлекетке зыян келген жок, бирок жол куруучу кытайлык компаниянын машинесин транспорт министри минип жүрсө, албетте, күмөндүү жагдайлар кантип жаралбай койсун?..

— Туура, ал машинени минип жүргөнүм — моралдык жактан туура эмес болуп калды. Дагы айтам, булардын машинеси экенин башында элес деле албапмын. Бирок, алардын ишин көтөрмөлөп же жөлөп-таяган бир дагы көрүнүш болгон жок.

— Жайдын мээ кайнаткан ысыгында же кыштын суук күндөрүндө көк муштум болуп тоңуп иштеген жолчулардын айлыгы деле жыргатпаган абалда экен. Катардагы кара жумуштун баарын аткарган жолчулардын айлыгы мамлекет бүгүнкүдөй арасат абалда турганда көтөрүлүп деле  кетпесе керек. Алардын ишине стимул берчү кандайдыр бир жаңычылдыктарды ойлоп же колдоп койгонго аракеттер көрүлүп жатабы?

— Жолчулардын айлыгы тууралуу көйгөйдү көтөрүп эле келе жатабыз, мындан ары деле көтөрүү максатыбыз бар. Укмуш болбосо да жолчулардын айлыгы мурунку кездерге салыштырмалуу тиешелүү деңгээлде көтөрүлүп турду. Биз жеке эле мамлекеттик казынаны карап отура берген деле жерибиз жок. Маселен, быйылтан тарта атайын өздүк эсептин астында асфальт төшөө иштерин подрядчикке бербестен жалаң биздин жолчулар өздөрүнүн күчү аркылуу салып (140 чакырым), ошол тапкан акчалары өзүбүздүн атайын өздүк эсебибизге түшүп, ал аркылуу кандайдыр бир деңгээлдеги үнөмдөлгөн каражат алардын айлыгына кошумча болуп кошулуп, материалдык колдоо катары бериле баштады.

— Соңку эки жылда транспорт мекемесин башкарган, сизди кошкондо үчүнчү министр менен маектешип жатам. Ушул үч жолку маегимде тең Кочкор районундагы Ак-Учук, Дөң-Алыш баштаган беш айылды бириктирген жалпы 17 чакырымды түзүп, жүрүүгө мүмкүн болбой калган жолду асфальттоо боюнча суроо бергеним менен иш ордунан жылбайт. Ушул ишти көңүл борборуңузга алып, айдоочулардын, андагы жергиликтүү элдин батасына арзысаңыз болобу?

— Кочкор районунда өзүбүздүн япон грантынын эсебинен курулган атайын асфальт заводубуз деле бар. Бир гана мүчүлүштүк, баягы эле каржы булагынын таңкыстыгынан келип чыгууда. Эгер сен атаган ички жолго каржы булагы өкмөт тарабынан бөлүнсө, эмнеге жасоого болбосун? Биз дагы бул маселени көңүлгө алып, Кудай буюрса, ишти алдыга жылдырабыз деген үмүттөмүн. Албетте, 17 чакырымды бир жылдын ичинде сала албайбыз. Ар жылы эки же андан көбүрөөк чакырымын салып, бөлүп-бөлүп бүткөрөбүз деген ойдомун. Мен сен атаган көйгөйдү өзүмө жазып, белгилеп алдым, сөзсүз аракет кылабыз.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ 

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: