Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясында «Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасы – 2-чакан программа) ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралды.
Фракция мүчөлөрү насыялык жана гранттык каражаттарды максаттуу пайдалануу зарылчылыгын белгилешип, эмне себептен Кыргызстандагы бизнес климаттын абалы начарлап жатканына кызыгышты. Экономика министрлигинин өкүлү ишкерлерге түзүлгөн шарттардын абалына өлкөдөгү энергетикалык мүмкүнчүлүктөрдүн начардыгы терс таасирин тийгизип жатканын белгилеп, учурда бизнес климаттын абалы боюнча Кыргызстан 190 өлкөнүн ичинен 75-орунда турарын маалымдады.
Андан сырткары, Кыргызстандагы интернет ресурстарына болгон тарифтик кырдаал да талкууга алынып, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги баштаган тармакка тиешелүү мекемелердин маалыматы уктурулду.
Жыйынтыгында депутаттар интернеттин баасынын кымбатташы боюнча иликтөө жүргүзүү зарылчылыгын белгилешип, Өкмөт абалды жөнгө салуу боюнча атайын иш-чараларды иштеп чыгуусу керектигин айтышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ