Menu

Видео – Алмаз Атамбаев: “Жанагы балашка Жанар Акаев билбейт го, анткени анын шайлоодо дагы каражатын биз көтөрүп бергенбиз”

Бөлүшүү:

“Мен карапайым элге биздин саясатчыларга караганда көбүрөөк ишенем, ачык айтайын, таарынбасын саясатчылар. Бирок мен көрүп турам элибиз дагы кудай буйруса президентке ишенип калды. Ошондуктан мына 1 жыл калды, бир жылдын ичинде көп нерсени бүтүрөбүз. Мына, керек болсо Нарындан Тогуз-Торо аркылуу жол ачып атсак, аны да көрө албагандар чыгып атат. Бөлүнүп турсун дейт да”, – деп билдирди Алмаз Атамбаев бүгүн, 4-ноябрда ММК өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктап жатып.

“Жалал-Абаддыктар 4 саатта Ысык-Көлгө келип калса, 1 саатта Нарынга келип калса башкача ойлоп баштайбы деп кээ бирөөлөр, “бөлүнүп турсун” деп ачык эле айтып жатат бакиевчилер. Анан биздин бир жаш балабыз айтыптыр, Жанар Акаев “Акаев, Бакиевдин эмне залакасы бар?” деп. Ал балашка билбейт го, анткени анын шайлоодо дагы каражатын биз көтөрүп бергенбиз. Бирок, Акаев менен Бакиевдердин азырга чейин каражаттары келип жатат да. Анткени алар жооп бергиси келбейт. Бул жака катып жыйган мүлктөрү дагы эле бар, дүйнөлөрү бар. Ошондуктан жанталашпадыбы өткөндө “референдумду өткөрбөйбүз” деп. Анткени референдумдан кийин жанагы Кумтөр боюнча маселенин баарын көтөрөбүз. 1000 тонна алтын ит бекер кетип калды. Ошого кредит алып жатабыз, ошол алтынга салынмак да керек болсо ошол жол…”, – деди Алмаз Атамбаев.

https://www.youtube.com/watch?v=rBKwpJ1Ddoo

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: