Menu

Гайморит абдан коркунучтуу оорулардын бири

Бөлүшүү:

Гайморит деп аталган дарт биздин өлкөдө кеңири тараган оорунун түрү.  Бул дартка кичине балдардан тартып  чоң адамдарга чейин  чалдыккандар көп. Көпчүлүк адамдар  суукта көп жүрүп сасык тумоону өтүштүрүп жибергенде гайморитке кабылышат.  Дене табын көтөрүп, мурундан ириң чыгарып кыйнаган оору тууралуу төмөнкү макалада кененирээк токтолобуз.

ООРУНУН ПАЙДА БОЛУУ СЕБЕПТЕРИ

Гайморит  суук тийгенден, иммунитеттин  төмөндөп кетишинен, жогоруда айтып өткөндөй өтүшүп кеткен сасык тумоодон, аллергиядан  пайда болот. Суук тийгенде  мурун аркылуу кулакка, тамакка өтөт.  Гайморит болгон адамдын мурунундагы  кеңилжээрлерге  суу толуп, тешикчелер бүтөлүп калат да, анан ал ириңге айланат.  Бул оорунун башталышында эле дарылабаса, өнөкөткө айланып кетүү коркунучу бар. Ал өтүшүп кеткен учурда ириң мээге чаап кетиши ыктымал. Бирок өнөкөт болуп кеткенде ал толугу менен айыкпайт дешет дарыгерлер.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ

Мурундан бырылдап суу куюлуп, башыңыз салаңдап ооруса же мурунуңуз бүтүп, дем алууңуз  начарласа, дене табыңыз көтөрүлүп жаткан болсо анда сиз гайморит оорусуна чалыккансыз. Себеби жогорудагы белгилер гаймориттин  алгачкы белгилери. Көпчүлүк адамдар сасык тумоо болгондо көбүнчө  дары ичип жүрө беришет да  гайморит болуп калганын өздөрү билбей калышат. Жыт сезүү органдар иштебей калат да акырындык менен ириң толо берет. Ал сыздатып ооруп, көздүн тегерегинде шишик пайда боло баштайт. Алгач ириң толуп турат да  ал күчөп кеткенде эт өсө баштайт.  Мурун, кулак, тамак органдары бири-бири менен байланышта болгондуктан, бардык органдар жабыр тартышы мүмкүн.  Мурун түтүкчөсүндо жайгашкан эт дем алууга тоскоолдук жаратат. Ал “аденоид” деп аталат. Аны операциялык жол менен алса болот.

ГАЙМОРИТТИН ТҮРЛӨРҮ

  • Курч кармаган түрү
  • Өнөкөткө айланган түрү
  • Аллергиялык түрү

ДАРЫЛОО ЖОЛДОРУ

Дарыгерлер алгач антибиотиктер,  мурундун ичине куя турган суюктуктар менен дарылашат. Албетте, булар жардам берет. Жардам бербей калган учурларда операция жасоого туура келет. Гайморит курч кармаганда көпчүлүк адамдар үй шартында өз алдынча  мурунга куюучу суюктуктарды колдонушат.  Аларды ашыкча, туура эмес колдонгондо зыянын тийгизбей койбойт. Ошондуктан дарыгердин көрсөтмөсү менен гана колдонуу керек. Ал эми өнөкөт гайморитти дарыгерлер   пункция менен тештирип, ириңди тазалашат. Бул дартты алдын албаса, өтө коркунучтуу экендигин эскертишет.

Ошондой эле антибиотик дарысын  кан тамырга же булчуңга саюу, кан тамырларды кеңейтүүчү, шишикти таратуучу дары-дармектерди колдонуу, антигистаминдик дарылар менен дарыласа болот.  Ошондой эле колдогу, баштагы жана беттеги точкаларды укалоо гайморитти айыктырууга жакшы жардам берет. Укалоолор сөөмөйдүн учун жеңил кыймылдатуу  менен жасалат. А эгер дары-дармектер жардам бербесе аргасыз операция кылууга туура келет. Эл арасында  “Гайморит болуп мурунду бир тештиргенден кийин  өнөкөткө айланып кайра-кайра кармай берет” деген сыяктуу түшүнүктөр туура эмес дешет дарыгерлер.

ЭЛДИК МЕДИЦИНА ДАРЫЛООНУН  КАНДАЙ ЫКМАЛАРЫН СУНУШТАЙТ?

  1. Картошканы кабыгы менен сууга бышырып, суусун төгүп, оронуп отуруп картошканын буусу менен дем алуу.
  2. Мурун, кулак, баш ооруганда мурунга чамгырдын ширесин тамызуу.
  3. Бир стакан кайнак сууга 15гр чай чөп, 10гр ромашка жана 10 гр ашкөктү демдөө. Демделген маңызды аралаштырып, күнүгө мурундун таноолоруна үч маал тамызуу керек.
  4. Үч чоң-чоң лавр жалбырагын идишке салып, үстүн көмгүдөй кылып суу куясыз. Отту күйгүзүп, бирок суу кайнары менен өчүрүңүз. Ысык абалында ага кичинекей сүлгүнү салып сууну сиңиргенден кийин сүлгү менен мурунду бетти жаап муздаганча чалкалап жатасыз. Бул ыкманы алты күнү катары менен жасоо сунушталат.
  5. Алгач хрендин тамырын таза жууп , аарчып, туурагычтын майда тишинен өткөрүү керек. Анан идишке 70гр салып, буга үч даана лимондун ширесин сыгып кошосуз. Даяр болгон аралашмадан төрт ай күн сайын эртең менен  тамактанаарга жыйырма мүнөт калганда  жарым чай кашыктан жеп турасыз.
  6. Гаймориттен мурун бүтүп, баш ооруп, кулак чымырап турганда колдонулуучу ыкмалардын бири. Түрптүн ширесин сыгып,  ага узунунан оролгон кебез тыгынды малып туруп мурундун таноолоруна салып жатуу керек. Мындан сырткары байчечекей, сарымсак сыяктуу өсүмдүктөрдөн да аралашма жасап, үй шартында дарылоого болот. Ошондой эле, сууктан сактаныш керек, өзгөчө буттан суук албоого аракет кылыңыз. Сасык тумоого чалдыгып, биринчи симптому – мурун бүтүп, чүчкүрүп баштаса дарыгерге  кайрылуу керек.
  7. Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: