АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Антарктидага барган Американын алгачкы өкмөттүк аткаминери болуп калат.
Мамлекеттик департамент башчысы жакынкы күндөрү Вашингтондон Антарктикага барат. Ал Мак-Мердо америкалык станциясына барып, андан АКШнын Түштүк уюлдагы изилдөө станциясына сапар тартат.
Мамдепартаменттин өкүлү Жон Кирби Керринин сапары менен АКШдагы презденттик шайлоонун бир убакытка туш болуп калышы Антарктикадагы аба ырайынын шарттарына байланыштуу экенин билдирди.
Ал Керри алдын ала шайлоо мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, президенттикке талапкерлердин бирине добуш бергенин белгиледи.
Антарктидада Жон Керри климатты изилдөөчүлөр менен жолугуп, Росса дарыясындагы корукка барат. АКШ мамкатчысы дүйнөдөгү ири деңиз коругу эсептелген жайды түзүүдө башкы ролду ойногон. Жаратылыш резервациясын түзүү тууралуу сүйлөшүүлөр 28-октябрда Австралияда аяктаган. 2017-жылдын 1-январынан тарта Росса деңизиндеги корук тууралуу эл аралык макулдашуу күчүнө кирет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ