Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкө Конституциясынын кабыл алынганынын 22 жылдыгына карата куттуктоо сөзүндө Баш мыйзам тычтык менен улуттук биримдикти камсыз кылуу үчүн негиз болорун айтты.
«Конституцияда Тажикстан иш жүзүндө дайыма тынчтыкты сүйүү саясатын жүргүзө тургандыгы көрсөтүлгөн», – деди мамлекет башчысы телекайрылуусунда.
«Учурдагы процесстер менен окуялар өлкөнүн ар бир жараны Конституциянын нормалары менен мыйзам актыларын дайыма сактап, эркиндик, социалдык адилеттүүлүк жана теңдикти камсыз кылган маанилүү каражат катары анын маңызын терең түшүнүшү керектигин талап кылат», – деди Рахмон.
Президент Конституция улуттук өзгөчөлүккө ээ экенин, анткени ал өлкө элинин каалоосу менен кабыл алынып, анда мамлекеттүүлүктүн тарыхый салттары менен цивилдүү тажик элинин гуманисттик идеялары камтылганын белгиледи.
Өз кайрылуусунда президент «ушул жылдын 22-майында тажикстандыктар конституциялык укуктарын пайдалануу менен жалпы элдик добуш берүү аркылуу Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизгенин» эске салды. Тажикстандын Конституциясы 1994-жылдын 6-ноябрында кабыл алынган.
Булак: “Борбор Азия жаылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ