Бүгүн, 19-сентябрда кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Нурсултан шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалында Түндүк Кореялык балбан Джонг Сим Римди 7:0 эсебинде утуп чыгып, финалга чыкты.
Эми Айсулуу Тыныбекова эртең, 20-сентябрда, чемпионаттын финалында, 62 килограммдагы салмакта алтын медаль үчүн Болгариянын балбан кызы Тайба Мустафа Юсеин менен таймашат.
Ошондой эле Айсулуу Тыныбекова жарым финалда жеңип чыгуу менен 2020-жылда Японияда өтө турган олимпиада оюндарына катышууга лицензияны утуп алды.
Эсиңиздерге сала кетсек, 14-августтан бери Нур-Султанда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын 23 балбаны күрөштүн 3 түрү: грек-рим, эркин жана аялдар күрөшү боюнча ат салышууда.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ