Көрүнүктүү саясатчы, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров 60 жашка толду. Бул инсандын коомдогу ордун кандай баалайсыз?
– Мен бул кишини көп жылдан бери билем, иштешип деле жүрөм дегендей. Азимбек мыйзамды жогору баалаган, ошонун негизинде гана иш алып барган инсан. Элдин баары ошондой болсо анда бүгүн биз башкача коомдо жашамакпыз. Кээ бир кыйындар бул адамды атайын эле иштен кетирип коюшту. Эгерде Азимбек иштеп турганда пайда келтирмек, мыйзамдуулук менен иштемек. Тилекке каршы корккондорго кош көрүнүп, мындан качып жатышат. Жандарына жолоткулары келишпейт. Эгер Азимбек бийликтин бир бутагында турганда коррупция жоюлуп, Кыргызстан мыйзамдуулуктун жолуна түшөт эле.
Даярдаган Баян Кулова
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ