Menu

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети КР Өкмөтүнүн жаңы курамы жана программасын талкуулады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында өкмөттүн жаңы курамы талкууланды.

Премьер-министрликке талапкер Сооронбай Жээнбеков жаңы өкмөттүн “Ишеним жана биримдик” аттуу программасы менен тааныштырып, өкмөттүн курамы мурдагыдай кала тургандыгын, КР вице-премьер-министри кызмат ордуна Чолпон Султанбекованын, Билим берүү жана илим министри кызмат ордуна Гүлмира Кудайбердиеванын, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызмат ордуна Нурбек Мурашевдин, Транспорт жана жол министри кызмат ордуна Жамшитбек Калиловдун, Юстиция министри кызмат ордуна Уран Ахметовдун, Ички иштер министри кызмат ордуна Улан Исраиловдун, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызмат ордуна Таалайгүл Исакунованын талапкерлиги сунушталып жатканын тизмектеди.

Талкууда депутат Алтынай Өмүрбекова мурдагы Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиевага өз кесибинин мыкты адиси экенин белгилеп, мыйзамда каралган аялдар квотасы сакталбай калгандыгын сынга алды. Ошону менен катар олуттуу тармак катары Энергетика министрлигин кайра түзүү маселесин кайра караштырууну сунуш кылды. “Күчтүү регион – күчтүү өлкө” деген депутат Айнуру Алтыбаева жаңы өкмөттүн программасына аймактарга маани берип, аларды күчтөндүрүүгө басым жасоо керектигин ортого салды. Депутат үй-бүлө институтун бекемдөөдө өкмөт системалуу иш алпаруусу зарыл дейт.

Бир катар депутаттар экономикалык блок боюнча вице-премьер-министр Олег Панкратовдун ишмердүүлүгүнө токтолуп, көптөн бери күткөн үмүттөр акталбай келе жатканына токтолушту. Депутат Алмамбет Шыкмаматов жакшы тилек – жарым ырыс деп өкмөттүн программасын колдоого алып, Кыргызстандын шартында эң башкы байлык билимдүү жаштар эненин айтып, билим берүү тармагына каражат аябоону КР Өкмөт башчылыгына талапкер болгон Сооронбай Жээнбековдун көңүлүн бурду.

Жыйын жүрүшүндө мындан сырткары, жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көтөрүү, шаар менен айылдын ортосундагы шарттарды теңештирүү, сапатсыз курулуштарга жол бергендерди жоопкерчиликке тартуу маселелери көтөрүлдү. Ошону менен катар Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусундагы өлкөнүн тапкан пайдасы менен зыяндары жөнүндө суроолор көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, 3-ноябрда Жогорку Кеңеште жаңы коалиция түзүлүп, ага КСДП, “Бир бол” жана “Кыргызстан” фракциялары кирген. Бул коалиция премьер-министр кызматына Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: