Menu

HRW: “Азаттыктын” Түркмөнстандагы кабарчысына кол салынды

Бөлүшүү:

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму “Эркин Европа/”Азаттык” радиосунун Түркмөнстандагы кабарчысы полицияга суракка кирип чыккан соң, кол салууга кабылып, тонолгонун билдирди. Уюмдун билдирүүсүндө 67 жаштагы журналист Солтан Ачиловага жасалган кол салуу бул жабык мамлекеттеги “Азаттыктын” журналисттерине жасалган кол салуулардын алгачкысы эместиги айтылат.

– Ачилованын окуясы бийликтин сынчылдардын оозун жабуу аракетинин дагы бир мисалы, – деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчи орун басары Рейчел Дэнбер.

HRW уюмунун маалыматына ылайык, 25-октябрда Ачиловага белгисиз адамдардын тобу кол салып, анын камерасын тартып алган. Ага чейин ал Ашхабаттагы супермаркеттердин биринде тарткан фотосүрөттөрү үчүн полиция суракка алган.

Өткөн жылдын декабрь айында Ачилова жергиликтүү базарлардын биринен макала жасап жаткан жеринен кол салууга кабылган. Анда да кабарчынын камерасынан бардык сүрөттөр өчүрүлгөн.

2015-жылы Түркмөнстанда “Азаттык” менен иштешип келген журналист Сапармамед Непескулиев маңзатка байланыштуу далилсиз айыптоолор менен үч жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле жылы бийлик үч журналистти “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен кызматташууну токтотууга мажбурлашкан.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: